03:51 16 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5529
  • EUR102.5669
  • RUB1.1771
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1052430

Кыргыздын генийи аталган белгилүү адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитов быйыл 85 жашка толмок.

Убагында китеп окуу жагынан алдына киши чыгарбаган окумуштуу бир нече тил билип, бир катар дүйнөлүк акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. "Кыргыздын туулганы, катын алганы, өлгөнү да азап" өңдүү учкул сөздөрү эл оозунда калды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитованы чакырып, ал киши менен атасынын өмүр таржымалы туурасында кенен маек курган. 

Дочь писателя-прозаика, поэта и общественного деятеля Салижана Жигитова Салима Жигитова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргыздын генийи аталган белгилүү адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитова

— Салижан Жигитов кыргыздын маңдайына бүткөн көп кырдуу инсан. Ал кишини кыргыздын генийи катары эсептейбиз. Сиз атаңызга кандай сыпаттама берет элеңиз?

— Азыр колумда "Кыргызстан маданияты" гезити турат. Мындагы макалада "залкар жазуучу, акын, сынчы, котормочу, публицист, ойчул, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитовду эскеребиз", — деп жазылган. Атам мына ушундай инсан болчу. Ал кишинин "кыргызга орусча айтпасаң, ишенбейт", "багы жок элдин баатыры көп", "тарых шашылбайт, адамдар шаша берет", "өзүнүн бактысыз экенин билбеген элден өткөн бактылуу эл жоктур", "колунан иш келбеген адам улутчул болот", "кыргыздын туулганы да, катын алганы да, өлгөнү да азап" деген учкул сөздөрү эбак элге сиңип кеткен.

— Бул анын учкул кептеринин элге тараганы гана болсо керек. Кагазга түшпөй калганы да көп дешет. Салижан Жигитовдун бала чагы да өтө оор өткөнүн билебиз. Ошол туурасында кеп салсак?

— Кечээ атамдын кагаздарын кайрадан казып, баарын карап чыгып, өмүрүнө тийиштүү үч аныктама таптым. Атам 1936-жылдын 17-мартында Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган. Төрт бир тууган. 1928-жылы туулган агасы бар болчу, ал 1960-жылы сууга чөгүп каза болуп калган. Артында төрт баласы калды. 1940-жылы туулган Турдукан жана 1942-жылы туулган Мундузкан деген эки карындашы бар эле. Майрамбү чоң энебиз 1946-жылы каза болсо, атам 14 жашка чыкканда, 1950-жылы, атасынан ажырайт. Чоң атам көзү тирүүсүндө улуу баласынын үйлөнүүсүн абдан каалап, "мен көзүмдүн тирүүсүндө бул үйдө келиндин көзүн көрөмбү же жокпу" деп айтчу экен. Ошентип атасы каза болуп калгандан кийин туугандары чогулуп, бир чети үйдө томолой жетим калган кичинекей эки кызга да карап, улуу агасын үйлөнтүшөт. Андан соң атамды шаардагы №5 интернатка окууга жөнөтүшөт. Бөбөктөрүн багып кыйналбасын деп агасын аяшса керек. Кийин карындаштары да окууга, Фрунзедеги мектеп-интернатка келген.

Атамдар өз убагында кедейчиликтин азабын жакшы эле тартышыптыр. Агасы да мектепте математикадан жана кол эмгектен сабак берчү. Ошентсе деле жетишпестик. Агасы да төрт балалуу болгон. Бирок атам "кыйналгам, бала чагым оор өттү" деп ойлочу эмес. Бир чети атам бармактайынан эркиндикте, өз алдынчалыкта чоңойгон. 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов в молодости
© Фото / из семейного архива Жигитовых
Жигитова: атамдын "кыргызга орусча айтпасаң, ишенбейт", "багы жок элдин баатыры көп", "тарых шашылбайт” деген сыяктуу учкул сөздөрү эбак элге сиңген

— Интернатта деле аябай жакшы окуса керек...

— Атам Төлөмүш Океев, Ишенбай Абдуразаковдор менен классташ болчу. Аталган интернат жакшы билим бергенин ушундан билиңиз, классташтарынын көбү кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандар болушту. Атамдан бир жолу сураганымда, кичине кезинде эле орусча китептерди окуп отуруп тилди үйрөнүп алганын айткан. Кийин Фрунзеге келгенде практика болуптур. 6-класска чейин Көлдүктөгү мектептин китепканасындагы китептин баарын окуп бүтүп коёт. Мугалимдери вундеркинд деп атап коюшат. Анан күндүз да колунан китеп түшпөй, түнү да майдын чырагына китеп окучу экен. "Май коройт" дешип чыракты өчүрүп койсо айдын жарыгына окуганын айтчу. Бул киши өмүр бою эле китеп окуп жүрүп өттү. Үйүбүздүн баары, уктоочу бөлмө, зал, ванна деле китепке толуп кеткен. Күнүнө гезит алдырчу. Баягы гезиттин боёгу жугуп, ар кайсы жери кара так болуп күн сайын көйнөк которчу. Ооруп калганда тура албай жатып калды, ошондо гана көп окуй албай калган.

— Жогорку билимди Улуттук университеттен алып, кийин аталган окуу жайда сабак берип калат эмеспи?

— Ооба, Улуттук университеттин филология факультетинде окуган. Атам 3-курста окуп жүргөндө университетке түрк жазуучуларынын үч миңдей китеби келет. Ошонун баарын окуп чыгат. Кийин "ал китептердин баарын мага чейин да эч ким окубаптыр, менден кийин деле эч ким окубаса керек" деп күлүп жатпайбы. Окууну бүтүргөн соң жогорку окуу жайында сабак берип жүрүп, кийин "Кыргыз совет энциклопедиясын" чыгаруунун башында турду. Андан кийин Илимдер академиясынын Адабият жана тил институтунун эл аралык мамилелер секторуна бөлүм башчы болуп кетти. Президент Аскар Акаевдин кеңешчиси болуп, анан Өзбекстанда элчи болуп иштеди. Ал жактан тажап эки жарым жылдан кийин эле баса берген. Келип "Азаттык" радиосунда эмгектенип, кийин Кыргыз-түрк "Манас" университетине проректор болуп кетет. Ошол окуу жайдын аспирантурасынын башчысы катары иштеп жүрүп каза болду. 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов в молодости
© Фото / из семейного архива Жигитовых
Жигитова: атам Төлөмүш Океев, Ишенбай Абдуразаковдор менен классташ болчу. Аталган интернат жакшы билим бергенин ушундан билиңиз, классташтарынын көбү кыргызга төбөсү көрүнгөн инсан болушту

— Атаңыздын үйлөнгөнү, жубайы менен баш кошкону, дегеле сиздердин үй-бүлө тууралуу айтып бересизби?

— Атам өзү айткандай, ар бир адамдын жашоосу өзүнчө трагедия. Ата-энесинен эрте ажырады. Атам ал кезде кичинекей бала болгондуктан жашоодо эң жакын адамы агасы болуп калган. Агасынын документ боюнча аты Мамазаир, бирок экинчи аты Түмөн эле. Ошол агасы биздин айылдагы сууга 31 жашында чөгүп кетет. Ага арналган ырлары деле бар. Абабыздын артында үч кыз, бир эркеги калган. Атам агасынан калган бөбөктөрүн багып, аларды окутуп-чокутуп тууруна кондурду. Ошентип университетти бүткөндө жанагыдай трагедия болуп, бөбөктөрүнө жардам берип жүрүп, атам өзүн такыр эле унутуп калат. Фрунзеде жашаса да үстүнө кийгени фуфайка, бутунда резинка өтүк. Ал кезде ашказаны да ооруп калып, кыйналып жүргөн кези экен. Атама көбүнчө достору жардамдашыптыр. Бир күнү Ишенбай Абдуразаков "досумду үйлөнтпөсөк болбойт, өлүп калат " деп чыгат. Ал кишинин жубайы Майрам Ажыбекова менен апам жердеш, аталары кызматта бирге иштеген адамдар болот. Апам да мурда турмуш курган, бирок уулу кайын журтунда калган экен. Апамдын айтымында, Майрам эже "менин күйөөм жок болсо, ушуга эле тийип алмакмын. Бул абдан башы иштеген, перспективдүү бала. Эч өкүнбөйсүң" деп айткан экен. Ошондо апам "аа-иий, ушундай сулуу аял айтып жатса, демек, бул жөн адам эмес окшойт" деп ойлонот. Ошентип экөө баш кошуп калышкан. Эми ортодо чоң сүйүү деле болбоптур. Тагдыры ошондой жазылган. Алар 1964-жылы баш кошуп, 1965-жылы агам төрөлгөн. 1971-жылы мен туулгам. Алгач батирде жашап жүрүшөт. Кийин университеттен №6 кичи райондон үй берилет. Атам Жазуучулар союзунда болгондуктан буларга бир бөлмө коштуруп алууга жол берилчү. Кийин "Миң түркүн" дүкөнүнүн үстүнөн 1977-жылы төрт бөлмөлүү батир берилип, ошол жакка көчүп келип жашап калышат. 

Дочь писателя-прозаика, поэта и общественного деятеля Салижана Жигитова Салима Жигитова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жигитова: атамдын интеллекти укмуш эле. Кыргыз эли ал кишинин билимин толук пайдалана албай калганына өкүнөм

— "Кыргыз совет энциклопедиясын" да чыгаруунун башында турган дедиңиз?

— Интеллекти укмуш эле. Кыргыз эли ал кишинин билимин толук пайдалана албай калганына өкүнөм. Кайсы тармак болбосун эмнеден улам көйгөй чыкканын, кандай маселелери бар экенин баарын жиликтеп айтып, оңдоо жолдорун да көрсөтүп берчү. Абдан таланттуу экен. Өзү поэзияда да, прозада да профессионал болчу. Кайсы бир тармакка адискөй эмес адам киришсе "сен киришпе, жасабай эле кой, талантың, билимиң деле жок экен" деп жаман көрчү. Убагында "Кыргыз совет энциклопедиясын" чыгарган редколлегияда иштеп калат. Ал убакта ар бир советтик республика өз энциклопедиясын чыгарчу. Редколлегия беш жыл иштеп жазган мээнетти Москвадан келген комиссия жаратпай коёт. Ошол убакта редколлегиянын жетекчиси рак болуп ооруп калып, атам анын орун басары катары кайра чыгарууну колго алат. Ал кезде компартиянын жетекчиси Турдакун Усубалиев болуп турган экен, ал атамды өзүнө чакырып "эми кайра жасаш керек, чыгаргыла. Силер чыгарбасаңар мага да зыяны тийиши мүмкүн" дептир. Анан атам "финансы жагын жана кимди жумуштан кетирип, кимди алам өзүм билем. Бул жагынан мага эркиндик бергиле" деп айтат. Анан атам тууган, тааныштык жолу менен келгендерди иргеп, булар иштей албайт деп коллективдин 80 пайызын кетирет. Ошол ич күптүсү барлар атамдын үстүнөн далай жолу БКга арыз жазган. Себеби айлыгы жакшы эле да. Анан атам ишти колго алып, азыркы кыргыз филологиясынын корифейлери Абдыганы Эркебаевди, Осмонакун Ибраимовду, Камбаралы Ботояровду, Нуралы Капаров баштаган филологияда жана журналистикада окуган студенттерди чакырып, макала жаздырат. Алардын ар бир макаласына 10 рублден төлөп берген. Ал убакта бул чоң акча эле. Студенттер акчасына кызыгып, бир айда 20 макалага чейин жазып жиберишип, 200 рублге чейин алган учурлары болуптур. Анан беш жыл жазган эмгек жараксыз болуп калып, студенттер энциклопедияны жарым жылда жазып коюшкан экен. Ошентип ал эмгек Москвадан жактырылып, жарык көрөт. Бирок баягы кызматтан кеткендер БКга арыз жазып, "бир айда студенттерге 200 рубль төлөптүрсүңөр, бул деген ашыкча эсеп. Ушу кантип болсун" деп чыгышат. Ошондо: "Макул, санайлы. Мисалы, силер беш жылда канча акча алдыңар? Мына кылган ишиңердин жараксыз болуп калгандыгы боюнча комиссиянын протоколу турат. Анда ошол акчаларды мамлекетке төлөп бергиле", - дегенде унчуга албай калышкан экен. Энциклопедия чыкканда Кыргыз ССРинин мамлекеттик сый акысы берилген. Эмгектин формалдуу түрдө башкы редактору Бүбүйна Орозбаева болгону менен баарын уюштуруп, анын кара ишин жасаган атам болчу.

— Агайдын котормочулук таланты да укмуш болгон дешет...

— Кыргызстандагы жакшы, сапаттуу котормолор Салижан Жигитовдон башталат го деп ойлойм. Атамдын негизги адистиги адабият таануучу. Кыргыз адабиятынын тарыхын изилдеп, ар бир акын-жазуучуга жекече мүнөздөмө да берип чыккан. Өзү айткандай, кыргыз адабияты Сыдык Карачев менен Касым Тыныстановдон башталат. Мындайда туугандар эле чуркап атын чыгарат экен. Тыныстановдун туугандары чуркап атын чыгарса, Сыдык Карачев унутулуп калды. Адабияттагы Аалы Токомбаев баштаган ар бир классикти жана алардын чыгармаларын изилдеп чыккан. Бул эмгекти азыр басмага даярдап жатабыз, жакында атамдын көркөм жана илимий эмгектерин сегиз томдук жыйнакка басып чыгарабыз. Атамдын котормолору жана адабий сындары сапаттуу. Орустун классиги Александр Пушкиндин "Алтын балык жана балыкчы" жомогун 1999-жылы которгон. Назым Хикметтин, Николай Некрасовдун, Мустай Каримдин, татар акыны Хади Такташтын ырларын жана француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин прозасын которгон. 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов в своем рабочем кабинете. Архивное фото
© Фото / Манасбек Мусаев
Жигитова: атам өзү айткандай, ар бир адамдын жашоосу өзүнчө трагедия. Ата-энесинен эрте ажырады. Атам ал кезде кичинекей бала болгондуктан жашоодо эң жакын адамы агасы болуп калган

— Бул кишинин кыргыз элине калтырып кеткен эмгектери баа жеткис. Эми үй-бүлөдө ата катары сыпаттап бериңизчи?

— Атам өзү томолой жетим болгондуктан эркин өсүп калган. Өзү да ал тууралуу айтып берчү. Агам экөөбүздү да эркин, демократиялуу чоңойтту. Оюбузду ээн-эркин айтып өстүк. Эми шоктук кылып апамдан анча-мынча келтек жеп калчубуз. Бирок атам балага жумшак эле. Агам Акбардын ден соолугу жакшы болбогондуктан апам аны айылга көп жөнөтчү эмес. Мен төрт жашымдан баштап эле жайкысын көбүнчө Оштун Мырзаке айылында жүрчүмүн. Алгач айылдагы эжелерим мени алып кетели дешкенде апам жибергиси келбей чыкты эле, атам "барсын, кыргыздын салтын үйрөнүп келет" деп жөнөтүп жиберген. Атамдын ушул чечимине абдан ыраазы болом. Анткени кыргыздын салтын, тилин айылдан үйрөндүм. Бирок агам каада-салттан алыс, орус мүнөз өсүп калды. Экинчиден, атамдын бизге калтырган дагы бир жакшы сапаты китеп окуу болду. Агам экөөбүз тең китепти көп окудук.

— Бирок бул жагынан атаңызга жетпесеңер керек?

— Кайдан (күлүп)? Атам бизди тамашалап "силер чала сабатсыңар" деп койчу. Биз чычалап калчу элек. Бирок генде болот окшойт. Агам экөөбүз тең анча-мынча чиймелеп ыр жазып калабыз. Агамдын экинчи кызы азыр Англияда жашайт. Өзүнчө аңгемелерди жазат экен. Китеп чыгарыптыр. 

Дочь писателя-прозаика, поэта и общественного деятеля Салижана Жигитова Салима Жигитова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жигитова: атам 3-курста окуп жүргөндө университетке түрк жазуучуларынын үч миңдей китеби келет. Ошонун баарын окуп чыгат. Кийин "ал китептердин баарын мага чейин да эч ким окубаптыр, менден кийин деле эч ким окубаса керек" деп күлүп жатпайбы

— Илимий кызматкер жана кагаз менен иштегендердин көбү чарба иштеринде ак кол келишчү эле. Салижан Жигитовчу?

— Ооба, атам интеллектуалдык иштер менен жүргөндүктөн ак кол болчу. Мык да кага алчу эмес. Үйдө чарба иштерин көбүнчө мен жасачумун. Атам юморго абдан жакын адам эле. Агасынын кызы экономика факультетинде окуп, биздикинде турчу. Ал эжебиз бир күнү пол жууп, бир жагынан кир жууп жатып эле реферат жазышы керек экенин эстеп, кылып жаткан ишин таштап чуркап кетип калат. Китеп окуп отурган атам терезени караса, үйгө апамдын курбусу шашып келе жаткан болот. Атам тура калып эле баягы тряпканы алып пол жууп кирет имиш. Аңгыча үйгө кирип келген аяшына "ой кир, пол жууп жатам. Бутуңду тиги жерге чеч. Азыр кирди да ортолоп калдым, аны бүтө калып эле тамак жасайм. Тамак ичип кет" дейт. Аны көргөн аяшы атып чыгат. Үйүнө барып күйөөсүнө "сен эчтеке кылбайсың. Карачы Салижанды, аялына жардам берет экен" десе, эртеси күйөөсү үйгө атайын келип, кызыгып сураптыр. Анда апам жакшы эле ишендирип келе жатып чыдабай күлүп жиберип билгизип коёт. Ошондо аяшы: "Ии, ошентсең. Салижан кантип эле ушинтсин дедим эле", — деп кайра кеткен экен.

— Негизи күлкүлүү окуялары көп болсо керек. Биз да четин угуп калабыз...

— Атам көп окуп, көп ойлонуп жүргөндүктөн кээде ар кандай күлкүлүү окуяларга туш болчу эле. Бир жолу апам көк, анан сары байпак сатып келип берди. Атам жумушка баратып, бир бутуна сарысын, экинчи бутуна көгүн кийип кетип калыптыр. Дагы бир жолу мага чалып, каткырып: "Ой, сен бүгүн бир жакка чыкпайт белең? Мен сенин туфлиңди кийип кетип калыптырмын", — деп күлдүргөн. Дагы бир жолу Ак үйгө бир бутуна күрөң, бир бутуна боз туфлисин кийип барып алыптыр. Лифтке түшсө эле байкап калган бирөө акырын айтып коёт. Ак үйдөн чыгып эле "Кыргызстан маданияты" гезитинин редакциясына шашып келип, Нуралы Капаровду сурайт. Ал кишинин "Волгасы" бар болчу. Коомдук транспортко түшкөндөн уялса керек. Ошентип үйгө ал күнү эрте келип калды. Таң калып сурасак "ээй, туфлимди алмаштырып кийип алыптырмын" деген (күлүп). 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов во время беседы
© Sputnik / Александр Федоров
Жигитова: окууну бүтүргөн соң жогорку окуу жайында сабак берип жүрүп, кийин "Кыргыз совет энциклопедиясын" чыгаруунун башында турду

— Атактуу адамдарды да тамашага салчу экен. Сизге ушундай окуяларын айтып берген эмес беле?

— Бир жолу Төлөгөн Касымбековду коркутуп тамашага салганын айтып берген. Ал кезде калем кармагандардын баары Жазуучулар союзунда жолугушчу да. Ал жак жазуучуларга адабий клуб болуп калган. Калем акыларын ошол жерден алышчу. Төлөгөн Касымбеков атамдан улам эле карыз сурай берген өңдүү. Анын үстүнө ал китеби он миңдеген тираж менен чыккан классик эмеспи. Атам "ой, калем акыңызды эмне эле кылып жатасыз?" десе, ал киши "билбейм, баарын эле апам менен аялыма алып барып берем. Каякка коротушарын түшүнбөйм, канча алып барсам да какшытып салышат" дейт. Атам "анда буларды коркутуп коюш керек экен" десе, тиги киши да "туура айтасың" деп коштоп кетет.

Ошентип атам бир күнү Жазуучулар союзуна барып, Төлөгөн Касымбеков 20 миң рубль гонорар алганын угуп калат. Анан баягы сөздү эстеп, басма тамга менен "экинчи күнү Башкы почтампттагы экинчи столдун жанына баланча миң салып, конверт алып кел, болбосо өлөсүң" деп жазып Жазуучулар союзундагы Төлөгөн Касымбековго жибертип коёт. Аны окуган бечара кишинин жүрөгү түшүп, КГБга барат. Кызыгы, ошол убакта Таластын обкомунун биринчи катчысына да ошондой сыяктуу коркуткан кат келиптир. Анан "булар уюшкан кылмыштуу топ окшойт" дешип, экинчи күнү КГБнын кишилери почтамптты аңдышат. Жерге акырын конверт да ыргытып коюшат. Анан эле квалификациясын жогорулатуу үчүн шаарга келген Нарындагы почтанын чоңу "аман-эсен жеттим" деп телеграмма берип коёюн деп келип, жердеги конвертти акырын алып чөнтөгүнө салып алат. Ал Башкы почтампттан чыгып келе жатып эле артындагы бирөөнү байкап калып, конвертти таштандыга ыргытып жиберет. Эшикке чыкса КГБнын кишилери тосуп алып "пакетти ыргытып койдуңуз, өйдө алыңыз, ал сиздики да" деп алдырып, СИЗОго камап салышат.

Ал убакта Төлөгөн Касымбековдун жүрөгү түшүп, үй-бүлөсү да эшик тыкылдаса эле "оо, кокуй" деп бычак-балтасын камдап үрөйү учуп калышкан экен (күлүп). Апасы дагы "Фрунзеңерде каракчы көп экен, Аксыга кетем" деп чыр салат. Иши кылып ызы-чуу. Атам болсо жазганын унутуп калып, санаасы жок гонорар алганы келсе эле Жазуучулар союзундагылар уу-дуу түшүп жатышкан болот. "Ой кокуй, аны мен жазгам" деп бирдекесин камдап алып Төлөгөн Касымбековдун алдына түшүп барса, ал киши аябай тилдептир. Анан ээрчитип алып, КГБга барып "иним тамашалап коюптур, тигини коё берип койгула" деп кечирим сурап, бечара почточуну бошоттурган экен. 

Режиссер, сценарист Садык Шер-Нияз и писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов
© Фото / из личного архива Садыка Шер-Нияза
Жигитова: атам президент Аскар Акаевдин кеңешчиси болуп, анан Өзбекстанда элчи болуп иштеди. Ал жактан тажап эки жарым жылдан кийин эле баса берген

— Азыр Салижан Жигитовдун шакиртимин деп сыймыктануу менен айткандар бар. Мыкты аналитик, журналист Алым Токтомушев менен мамилеси жакын болуп, сырдаш болгон дешет. Ал киши "Салижан Жигитовдун сабактары" деген китеп да жазган эле...

— Атамдын шакирттери абдан көп. Жогоруда атап кеткендей, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Камбаралы Ботояров, Аман Токтогуловдор шакирти болгон. Университетте иштеп жүргөндө бир кичине чымыны бар балдар болсо жумушка киргизип, кеңешин берип жардам берчү. Атам 1970-жылдары алты-жети жыл Улуттук университетте иштеп калды. Анда окууга тапшыргандардын көбү пара берчү. Бирок атам ага аралашчу эмес.

Студенттердин арасынан да тандап "сен Илимдер академиясына барып иште, илимге шыгың бар" деп шыгына карай багыт берчү. Ошондой эле журналистика тармагына да өзүнүн көз карашын билдирип, жол көрсөтүп турчу. Анткени гезиттердин башкы редакторлорунун баары анын окуучусу эле. Мелис Эшимкановго да барып: "Ай, силер же орусча, же кыргызча жазгыла. Ушу кантип болсун? Эл көнүп калат да", — деп эле уруша берчү. Көптөгөн журналисттер келип маек алат. Айрым учурда алардын жазган тексттерин карап, баарын сызып таштап кайрадан жазып чыкчу. Алым Токтомушев экөө да ошол журналистика тармагынан таанышкан. Көп жазуучуларга да идеяларды, сюжеттерди бекер эле "белек" кылып койчу. Аны жазууга атамдын убактысы да жок эле. Бирок бир-эки роман жазсам деп кыялданчу, убактысы болчу эмес.

— Ооруп жүргөн учурда өзүн кандай алып жүрдү?

— Атам 30 жашка чейин тамеки чекчү эмес экен. Бир өпкөсүнөн рак болуп операциядан кийин экинчисине да өтүп кетиптир. Кийин окуудан бошобой журүп операция жасалбай, ар кандай дарыланып жүрдү. Ошентип өтүштүрүп алды. Негизи тукумубуз менен өпкөбүз начар. Чоң атам менен чоң энем дагы кургак учуктан каза болгон. 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов
© Фото / из семейного архива Жигитовых
Жигитова: атам бизге эч кандай байлык калтырган жок. Анткени ал киши өмүр бою таза жашап, чынчыл болгон.

— Неберелеринен жолун жолдогондор барбы?

— Атам бизге эч кандай байлык калтырган жок. Анткени ал киши өмүр бою таза жашап, чынчыл болгон. Чыныгы интеллигент эле. Атабыздын эң негизги мурасы — өзүнүн ысымы болду. Мен орус мектепте окуп, убагында атамдын жазгандарына кызыкпаптырмын. "Колдо бар алтындын баркы жок" дейт кыргыз, аябай өкүнөм. Бизде көп акын-жазуучулардын балдары ата-энесинин жазгандарын окуган эмес. Көбү орусча билим алгандыктан түшүнбөйт дагы.

Азыр атамдын жээндеринде жазуучулук дарамет байкалат. Учурда кол жазмаларын чогултуп, эмгектерин тизмектеп келе жатам. Аны иштеп чыгуу керек. Жаштардын арасынан Салижан Жигитовдун дагы бир шакирти — Алтынбек Исмаилов. Ага апам "Салижан Жигитовдун чыгармачылыгын изилдеп, диссертация жаз" деген эле, бирок атамдын көзү өткөнүнө 15 жылдын жүзү болсо да азыркыга чейин бут тоскондор бар.

Тема боюнча

Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт
Багы жок элдин баатыры көп! Салижан Жигитовдун кеп казынасы
Биз үчүн терек күүсүн эшиткен... Салижан Жигитовдун көзү өткөнүнө 12 жыл болду
Белгилер:
эмгек, китеп, Университет, адабият, котормо, Салижан Жигитов

ЭҢ МААНИЛҮҮ