Көз жумгандар жок, ооруну 100 киши жуктурду. Жаңы статистика

© AFP / PAUL FAITHМедициналык кызматкер COVID-19 мазок алган учурда
Медициналык кызматкер COVID-19 мазок алган учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Статистикага пневмонияга кабылгандар боюнча маалыматтар дагы камтылган. Учурда COVID жуктургандардын көбү Чүй облусу менен Бишкек шаарында катталууда.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы сутка ичиде 100 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жуктуруп алгандар:
  • Чүй облусу — 46;
  • Бишкек шаары — 45;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Ош шаары — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.
Ош, Талас жана Нарын облустарында вирус илештирип алгандар катталган жок. Өлкөдө бул илдетти жуктургандардын жалпы саны 87 858ге жетти.
Бактыга жараша, коронавируска кабылгандар арасында көз жумгандар болгон жок. Жалпысынан 1 494 бейтап акка моюн сунду.
Ал эми оорудан сакайып кеткендердин саны өткөн суткада 62ге жетти:
  • Бишкек шаары — 36;
  • Чүй облусу — 23;
  • Ош шаары — 2;
  • Нарын облсу — 1.
Былтыркы жылдын март айынан бери вируска кабылып, айыккандардын саны 84 469ду түздү.
Ушул тапта 505 бейтап ооруканада, 446 бейтап үй шартында дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0