Бензинди кантип үнөмдөө керектигин эксперт айтып берди

© AFP / DAMIEN MEYERАЗС в городе Рен. Франция
АЗС в городе Рен. Франция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Майды үнөмдөөнүн дагы бир жолу — автокөлүктүн ичиндеги кошумча комфортту чектөө. Маселен, кондиционерди өчүрүп, ал тургай терезелерди жаап коюш керек.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Автоунаага куйган бензинди үнөмдөө үчүн чукул токтотуп же ылдамдыкты чукул көбөйтпөш керек. Ушул жана башка кеңештерди РИА Новости автомобиль боюнча эксперт Егор Васильевдин айткандарына таянып жазды.
"Газ педалын болушунча жумшак кылып баскан жакшы, себеби бул жолдогу абалды байкап, карап барганга, кээде кескин ылдамдатып жибербегенге мүмкүнчүлүк берет", — деген эксперт.
Унаанын салону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Айдоочулар бензинди кантип үнөмдөсө болот. Эксперттен 7 кеңеш
Кыймылдаткычка аз күч келгендей кылып жүргөнгө аракет кылуу керек. Үнөмдөөнүн дагы бир жолу — автокөлүктүн ичиндеги кошумча комфортту чектөө. Маселен, кондиционерди өчүрүп, ал тургай терезелерди жаап коюу кажет.
Жергиликтүү шартты эске алып, алдын ала ойлонуштуруп койгон жакшы. Маселен, кыядан көтөрүлүп бара жатканда ылдамдыкты акырындап кошуп отуруп, майды көп коротпой күү менен анын башына чыгып алса болот. Ал эми бурулуш, имерилиштерде болушунча кенен алган дурус. Ал эми чукул кирип алып, кескин бурганда да кошумча энергия жумшалып, чыгымдоо механизми кадимкидей иштейт. Анан албетте, бензинди "өөнөп" албаган май бекеттерден куюп, автотыгын болгон жолдорго кирип албаш керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0