Кызматкерин сабаган... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына каршы арыз түштү

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Арыздануучу Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров шериктери менен бирге аны сабап кеткенин айткан.
БИШКЕК, 15-мар. – Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров өзүнүн кол астында иштеген кызматкерин сабагандыгы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түштү. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Ал эми Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, арыз 12-март күнү 39 жаштагы тургундан түшкөн.
"Арыздануучу Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров шериктери менен бирге аны сабап кеткенин айтты", - деди Сыдыков.
Факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2020-жылдын 23-декабрында Кылычбек Саркарбаевди кызмат ордунан бошотуп, ордуна Бекдөөлөт Абакировду убактылуу дайындаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0