Иммунолог COVID-19дун мутациясынан коркпоого чакырды

© AFP / MOHAMMED ABEDКоронавирус костюмчан киши кыз менен ойноп турат. Архив
Коронавирус костюмчан киши кыз менен ойноп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчү коронавирустун жаңы тиби боюнча айтуу али эрте экенин белгилеп, дүрбөлөңгө түшпөө керектигин белгиледи. Анын ою боюнча бул кезектеги дагы бир ушак жана андан эч кандай өзгөрүү болбойт.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы тиби вирустун мүнөзүн өзгөртүп коюшу күмөн. Бул боюнча так илимий далил жок болгондуктан дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Мындай бүтүмдү Хаддас Ар Ха-Цофим клиникасында бөлүм башчы болуп иштеген профессор Яков Беркундун айтымына таянып, РИА Новости жазды.

Адистин пикиринде, вирустун жаңы тибине каршы вакциналардын натыйжалуулугу тууралуу айтуу да али эрте. Эмдөө натыйжасыз болсо дагы азыркы технология менен аны тез эле иштеп чыкса болот.

"Коронавирустун жаңы тиби тууралуу илимий далил жок. Биз бул боюнча болгону ЖМКлардан гана угуп жатабыз. Вирустун мутация болуп жатканы боюнча буга чейин да айтылган. Бул кадимки процесс. Эң башкысы ал генге кандай таасир этип, кандай өзгөртүүгө алып келери маанилүү. Биз бул вирус менен бир жылдан бери жашап жатабыз. Балким миңдеген мутация пайда болгондур, бирок алар вирустун мүнөзүн өзгөртүп жиберген жок да", — деди адис.

Профессор белгилегендей, коронавируска каршы иштелип чыккан вакциналар анын жаңы тибине деле таасирин тийгизе алат. Эгер вирустун жаңы тиби генде олуттуу өзгөртүүлөрдү шарттай турган болсо, анда ага каршы вакцинаны деле тез аранын ичинде иштеп чыкса болот.

Ошентсе да изилдөөчү бул тууралуу айтуу али эрте экенин белгилеп, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган. Анын ою боюнча бул катардагы дагы бир ушак жана андан эч кандай өзгөрүү болбойт.

Буга чейин Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болуп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аны изилдеп жатканы айтылган.

Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр Улуу Британияга эшигин жапкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0