ID-паспортко "улуту" деген графа кайрадан киргизилди

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат. Бул нерсе 2017-жылы өкмөттүн токтому менен токтотулган эле.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктардын паспортуна (ID-карта) "улуту" деген графа киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Бул кадам Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында жасалганы айтылат.

"Конституциялык палата паспортко "этностук таандык" графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле ар бир адамдын өзүнүн улутун көрсөтүү боюнча укугу тебеленди деп билдирген", — деп айтылат кабарда.

Выдача биометрических паспортов гражданам КР - Sputnik Кыргызстан
ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп
Эми Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Эске салсак, Кыргызстанда 2017-жылкы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги электрондук форматка өткөрүлгөн. Паспортту чип аркылуу окуганда бардык маалымат толугу менен чыкчу. Бирок мындан эки ай мурда, өлкөдө бийлик алмашкан соң паспортко "улуту" деген графаны кайрадан киргизүү чечими кабыл алынган

Жаңылыктар түрмөгү
0