БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.
Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.
Алардын ичинен:
- Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
- Орточо оордукта – 1 961;
- Оор абалда – 746;
- Өтө оор абалда – 115.
Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.