Экономика олку-солку болуп турганда акчаны кантип сактоо керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансист үй-бүлө банктагы эсебинде канча акча болгондо кам санабай жашай берсе болорун дагы айтып берди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономика бүгүнкүдөй туруктуу болбой турган мезгилде акчаны улуттук жана бир нече чет элдик валютада сактоо туура. Бул жөнүндө "Известия" басылмасына FinHelp компаниясынын директору Павел Вешаев билдирди.

"Пандемия, экономикалык кризистин айынан көп мамлекеттердин улуттук валютасы наркын түшүрүп ийип жатат. Ал эми евро менен доллар көпчүлүк учурда утушта. Бирок чет элдик валютада акчаны банкка сактасам эле чоң пайда көрөм деп бекем ишенип албаш керек. Азыр негизгиси каражатты сактап калуу маанилүү", — деди Вешаев.

Ошондой эле финансист үй-бүлө банктагы эсебинде канча акча болгондо кам санабай жашаса болорун да айтты.

Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп

"Улуттук валютада сакталган акча жок дегенде жакынкы 2-4 айга жетсе жакшы. Ал эми башка валюталарды кошкондогу каражат үй-бүлөнүн туура бир жылдык чыгымын жаап берсе, муну финансылык коопсуздук жаздыкчасы бар деп эсептесе болот", — деди адис.

Финансылык коопсуздук жаздыкчасы — бул турмушубузга киргенине көп боло элек жаңы термин. Эртеңки күнгө ишенимдүү арыш таштоо үчүн кайсы бир көлөмдө тыйын топтоп коюу дегенди билдирет.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш иретинде адистердин пикирин топтоп макала даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0