Төө-Ашууга кар жаап, унаа тыгыны жаралды. Видео

© Фото / пресс-служба УОБДДТөө-Ашуу. Архив
Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-октябрга караган түнү ашуудагы аба ырайынын температурасы төмөндөп, 10 сантиметрге жеткен кар жааган. Трасса тайгалак.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Төө-Ашууга кар жаап салгандыктан унаа тыгыны жаралды.

Ашуудан тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Окуянын күбөсү бир нече чакырымга созулган тыгын туннелдин оозуна чейин жеткенин айтып жатат. Видеодон кар жаап жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги түнкү саат 03:00дөн бери Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына бийиктиги 5-10 сантиметрге жеткен кар түшкөнүн кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0