Бишкектин ооруканаларында канча бош орун бар? Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада эң көп бош орун азыр Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында. Аталган медициналык жайда 246 керебет бошогон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги бош орундары бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

22-октябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда орун жетиштүү, жалпы 376 орун бош.

Белгилей кетсек, орундар коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн каралган.

Казакстан: COVID жана пневмонияга кабылган медиктерге компенсация төлөнбөйт

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 10;
  • Улуттук хирургия борбору — 7;
  • Улуттук госпиталь — 28;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 31;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 6;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 246;
  • Темир жол ооруканасы — 1;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.
Жаңылыктар түрмөгү
0