Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кечки митинг учурунда
Бишкектеги кечки митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир жигит каза таап, миңдеген адам жарадар болду. Алардын көпчүлүгү жаштар.

Кагылышууда жабыркагандардын катарында 28 жаштагы Нурлан уулу Уларбек да бар. Уларбек бир көзүнөн ажыраган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы анын таежеси Нуркыз Жапарова менен баарлашты.

© Фото / из личного архива Нурлан уулу УларбекаҮйүндө төрт бир туугандын улуусу болгондуктан, үйүн баккан ушу жигит эле (Уларбек биринчи солдо)
Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта - Sputnik Кыргызстан
Үйүндө төрт бир туугандын улуусу болгондуктан, үйүн баккан ушу жигит эле (Уларбек биринчи солдо)

— Уларбек аянтка кандайча барып калыптыр?

— 5-октябрда Уларбек митинг тууралуу кабары жок эле эртең менен тиш доктурга кеткен. Андан кийин достору менен аянттагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин акциясына катышабыз деп барган экен. Ата-энеси чалса "мен бул жакта элемин" деп башка жакты айтып, жашырып коюптур. Анан бир күн кечке митингде жүрөт. Кийин кечке маал байланыш үзүлүп, телефондон сүйлөшүү мүмкүн болбой калган убакта чалып ала албай койдук. Көрсө милиция митингчилерди биринчи кубалаганда эле Уларбектин көзүнө желим ок тийип, Чүй проспектиси менен Манас проспектисине чейин качып келишкен экен. Ошол жерде жарадар болуп жаткан жеринен орус улутундагы жубайлар №4 шаардык ооруканасына алып барышыптыр.

Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз

© Фото / Нурлан кызы АйдайВрачтар желим октон эч нерсе калтырбай тазалашканын айтышты. Тилекке каршы, бир көзү такыр көрбөй калды
Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта - Sputnik Кыргызстан
Врачтар желим октон эч нерсе калтырбай тазалашканын айтышты. Тилекке каршы, бир көзү такыр көрбөй калды

— Көзү олуттуу жаракат алыптыр да?

— Ооба, бир көзү көрбөй калды. 5-октябрда түндө жарадар болуп жатканда таап алгандар көзүнөн кан агып жатканын айтышты. Жанында да балдар бар экен. Ооруканага түнкү саат экиден өткөндө келип түшөт. Дарыгерлер ооруну басаңдатуучу дары сайып жаткырып коюшуптур. Ата-энеси ал маалда байланыша албагандыктан эч кабары жок отура беришет. Эртеси эртең мененки саат 10дордо угуп эле баарыбыз жетип бардык. Ошентип саат 2:30да операцияга кирип, сол көзүнөн желим окту алып салышты. Бирок операция болгонго чейин он эки саат өтүп кетиптир.

— Дарыгерлер эмне деп жатышат?

— Врачтар желим октон эч нерсе калтырбай тазалашканын айтышты. Бирок, тилекке каршы, бир көзү такыр көрбөй калды. Эми оң көзүнө да кыйынчылык жаралып турат. Дарыгерлер экинчи көзүн сактап калууга шанс бар болгону менен кепилдик бере албайбыз деп жатышат. Анткени ок тийгенде оң көзү да жабыркаптыр. Азыр экөө тең такыр эле көрбөй калышы мүмкүн болуп турат. Оң көзүнө жасалуучу операцияны күтө туруу зарыл дешүүдө. Себеби биринчи операциянын жыйынтыгы каралат экен.

"Ала-Тоодогу" митингчилерди кууп таратуу. Асмандан тартылган видео

© Фото / Нурлан кызы АйдайБүгүн бир киши эки болуп көрүнүп, көзү тумандап жатканын айтты. Эки күн мурун абалы жакшы болчу
Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн бир киши эки болуп көрүнүп, көзү тумандап жатканын айтты. Эки күн мурун абалы жакшы болчу

— Үй-бүлөлүү беле?

— Жок, үйлөнө элек болчу. Үйүндө төрт бир туугандын улуусу болгондуктан үйүн баккан ушу жигит. Ини, карындаштары студент, мектепте окушат. Атасы такси айдайт, апасы иштебейт. Эми апасы өзүнүн көзүн берүүгө да даярдыгын айтып, "эптеп бир көзү калса болду" деп тилеп отурат.

— Азыр өзүн кандай сезип жатат?

— Бүгүн бир киши эки болуп көрүнүп, көзү тумандап жатканын айтты. Эки күн мурун абалы жакшы болчу. "Бир көзүмөн арылсам да митингге элдин келечеги үчүн чыктым" деген сөздөрдү айтып жаткан. Азыр психологиялык жактан кыйнала баштады. 24-октябрда Түркиядан дарыгерлер келишет экен. Аларга да көрсөтүп, бир көзүн сактап калууга үмүттөнүп жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0