Sputnik Кыргызстан агенттигине ооруну жумушунан жуктуруп алып, бирок компенсациясын ала албай жүргөн бир топ медик кайрылды. Алардын айтымында, документтерин эбак жиберген, бирок акчадан дайын жок. Кабарчы Таалайгүл Усенбаева оору менен алышкан медиктердин датын угуп, акчанын кечиктирилип жаткан себебин билди.
Ооруп жатканына карабай кызыл зонада иштеген пенсионер дарыгер
Доктуркан Рыскулова Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында көп жылдан бери дарыгер. 67 жаштын чайын ичип отурган медик айылда оору күч алып турган учурда жөн карап отурбай, тикесинен тик туруп иштеген. Буга айылдаштары күбө. Айылда саналуу гана дарыгер бар экенин айтып, бири ооруп калып, бири эмгек өргүүсүнө кеткен учурда жердештерине медициналык жардамды жалгыз көрсөткөнүн белгиледи.
"Биздин айылда бул жаман оору 5-июлда эле башталды. Ошол убакта биздеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна күнүнө 10го чукул киши кайрылып калган. Баарынын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, айтор, белгилери окшош. Бизде ал убакта бет каптан башка кыйраткан деле коргонуучу каражат жок болчу. Элди өзүм жалгыз эле кабыл алып жаттым, анткени бизде иштеген бир дарыгер эмгек өргүүгө чыгып, бирөө коронавирус шектелген бир бейтап менен байланышта болгондуктан обсервацияга түшүп калган. Башында сасык тумоо деп ойлодук. 15-июлдан тарта пневмониянын белгиси менен келгендер көбөйө баштады. Дароо райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалып "бизге жеңил жана орто формадагы бейтаптар келип жатат, пневмония болгондорду үйдөн дарылап жатабыз" деп айттым. Эртеси Санэпидемстанциянын кишилери келип ФАПты курчоого алып, жаап салды", — деди дарыгер.
Андан көп өтпөй медик өзү ооруп калган.
"Айылга мобилдик бригада жөнөтүлүптүр. Анда Максат деген эпидемиолог бар эле. "Доктуркан эже, сиздин жардамыңыз керек" деди. Дене табым көтөрүлүп, алым кетип турсам дагы анальгин, димедрол сыяктуу дарыларды ичип бейтаптарды үйдөн кабыл ала баштадым. Ооруп келгендерди өзүмө каратпай, өпкөлөрүн текшерип эмне дары ичиш керек экенин жазып жөнөтүп жаттым. Пенсияга эбак кеткен медайым, дарыгерлерди жардамга чакырууга туура келди. Аларга "жок дегенде үйлөрүнө барып ийне сайып берип тургула" деп сурандым. Эч ким баш тарткан жок, жаш курактарына карабай иштеп жүрүштү. Өзүм илдет илешкенден кийин 10 күн башым ооруп кыйналдым. Күн менен түн бирдей өтүп калган. Дарыгер болгондуктан эле аман калдым окшойт. Анан бир жумадан кийин стационарлар ачылып, кичине жеңилдей түштүк. Кийин мени кызыл зонада иштеп бериңиз деп суранышты. Ал жакта да милдетимди аткардым. Менден коронавируска эки жолу анализ алышкан. Биринчиси таза деп, экинчисинде вирус бар экени аныкталган", — деди Рыскулова.
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги
Дарыгер өкмөт медиктерге компенсация убадалаган соң бериши керек деп эсептейт.
"Ал акча жок деле күнүбүз өтөт. Бирок ошол мезгилде телевизордон улам айтып какшашкан. Айтылган соң аткарылышы керек. Биз компенсация алыш үчүн күнү-түнү иштеген жокпуз. Бир айылда чогуу жашаган элиң жалдырап келип жатса кантип жардам бербей туруп алмак элем. Айлам кеткенден ачык абада оору жайылбайт экен деп, эшиктин алдын стационар сыяктуу кылып бейтаптарды көрүп жаттым. Эмгек бааланышы керек деп ойлойм. Документтерибизди толуктап Саламаттык сактоо министрлигине сентябрдын башында кетиргенбиз. Ошол бойдон дайын жок. Медайымдар күн-түн дебей үй кыдырып ийне сайышты. Арасында мага окшоп оору жугузуп алгандар болду. Бирок ошого карабай иштешти. Айылдагы ооруп айыккан медиктердин бирине да компенсация бериле элек. Эгер ишенбей иликтөө жасайбыз десе, бүт айылдан сурашсын", — деди Рыскулова.
Баш оорусу көп документ
Ооруну жумуш учурунда жуктуруп алган мындай медиктер өлкөдө миңдеп саналат. Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги компенсациялардын кечиктирилип жатканын документтердин туура эмес толтурулушу менен түшүндүрүп келет.
Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун бириндеги Бурул аттуу медайым айрым медиктер дал ушул документ азабынан компенсациядан баш тартып коюп жатканын кеп кылды.
Акысын албай калган медиктер. Сокулуктун акимине сөгүш жарыяланды
"Медиктердин айлыгы аз, жок дегенде дары-дармегибизге, витаминге тыгынчык болуп калсын деп компенсацияга арыз жазып жатышат. Анткени экинчи толкун божомолдонууда. Ал-күчтү бекемдеп өзүбүздү карабасак, айлык эч нерсеге жетпейт. Бирок компенсация алуу да оңой эмес экен. Баягы эле документ, бири колго жазгыла десе, бири компьютерге тергиле деп ар кайсыны айтат. Менин эле документтерим эки-үч жолу кайтарылды. Же башынан так түшүндүрүшпөйт. Сентябрдын башында баарын толуктап кайра жибердим. Каражаттан дайын жок", — деди медайым.
Ал кесиптештеринин баары коронавирусту массалык түрдө иш учурунда жуктуруп алышканын айтып, арасында көзү өткөндөр да болгонун кошумчалады.
"Биз өлкөгө өзгөчө абал режими киргенде да тынбай иштедик. Ооруну мобилдик бригада мүчөлөрүнөн жуктуруп, анан бири экинчисине илештирип жатып калдык. Кийин анализдерибиз "коронавирус" деп чыкты. Меники орточо оор абалда өттү. Үйгө чыкканда медик жок, ийне, капельницаны өзүмө өзүм эле сайып дарыландым. Аябай оор формада пневмония болгондор да катталды. Компенсацияга бизден 30дай медик арыз жазган. Бирөө да ала элек. Жетекчилик биринчи санэпидемкөзөмөл кызматкерлери алат, андан кийин силердин кезек деп жоошутуп отурат", — деди Бурул.
Зарыгып күткөн компенсация медиктин колуна качан тиери белгисиз
Саламаттык сактоо министрлигине "компенсация арыз жазгандан кийин канча күндүн ичинде берилет" деген маселе менен кайрылдык. Бирок компенсацияны караган комиссиянын катчысы Индира Жумабаева ооруканада болгондуктан жооп бере албай турганын айтты. Ал эми комиссия жетекчиси, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Баткенде иш сапары менен жүргөнүн айтып, министрликтин маалымат кызматына гана кайрылууну өтүндү.
Тилекке каршы, бул суроого министрликтин маалымат кызматы да так жооп бере алган жок. Алар бардыгы комиссиядан көз каранды экенин белгиледи.
Айтор, арыз жиберген медиктердин компенсациясы канча убакытта каралып чыгары белгисиз. Кокус документ туура эмес болуп калса, аны ак халатчандар кайра толтуруп, толуктап, дагы ошончо убакыт күтүшү керек болуп калат.
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 1 500 документ келип түшкөн. Анын 860ы экспертизадан өтүп, комиссиянын кароосуна жиберилген. Калганы учурда текшерилип жатат.
30-сентябрга карата саламаттык сактоо тармагынын 144 кызматкери 200 миң сомдон компенсация алышкан. Мындан тышкары, коронавирустан көз жумган 21 медиктин жакындарына бир миллион сомдон берилген.
Боронов: дарыгерлерди экинчи толкунга чейин эс алдырып алышыбыз керек
Азыркы тапта комиссия 102 медикке 200 миң сомдон кошумча акча берүү маселесин карап жатканы айтылды. Ошондой эле илдеттен каза болгон үч медиктин жакындарына да жакын арада 1 миллион сомдон компенсация төлөнө турганы маалым болду.
Белгилей кетсек, башында министрликке компенсация төлөмдөрү үчүн 50 миллион сом бөлүнгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өкмөттүн буйругу менен компенсация төлөмдөрү үчүн дагы 178 миллион сом берилмекчи. Ал каражат жакын арада таратыла баштайт.
Эске салсак, азыркы тапта компенсация өкмөттүн атайын буйругунун негизинде берилип жатат. Бирок пандемия башталганда депутаттар "Медиктердин статусу жөнүндөгү мыйзамга" өзгөртүүлөрдү киргизген. Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев белгилегендей, эгер медициналык кызматкерлер ӨК же ӨА режим убагында өз саламаттыгын чоң тобокелге салуу менен кесиптик милдетин аткарса, аларга компенсация кошумча каралат. Аларды министрлер кабинети аныктайт, бирок өлчөмү ээлеген кызматына жараша төрт окладдан кем болбоого тийиш. Санитардык-карантиндик зонада иштеген медиктерге оор иш, ошондой эле зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары режими коюлат. Алар үчүн ээлеген кызматына жараша он окладдан кем эмес өлчөмдө компенсация каралат. Алардын өлчөмүн да өкмөт аныктайт.
Боронов: дарыгерлерди экинчи толкунга чейин эс алдырып алышыбыз керек
Эгер медициналык кызматкер ӨА жана ӨК режиминде өз милдетин аткаруу убагында кабылган илдеттен көз жумса, анда анын үй-бүлөсүнө маркумдун жыйырма жылдык орточо маянасынан аз эмес өлчөмдө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.
Өзгөртүү киргизилген мыйзам макулдашуудан өткөндөн кийин медиктерге кошумча акы ошонун негизинде төлөнө баштайт. Ал эми ага чейин оору жуктуруп алгандыгы далилденген медиктерге 200 миң сом компенсация төлөнүп бериле берет.
Учурда аталган документ Финансы министрлиги менен макулдашылып жатат.