КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Кыргызско-российской межправительственной комиссии в Бишкеке
Заседание Кыргызско-российской межправительственной комиссии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ вице-премьери пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгү өткөрүлбөй калганын белгилеген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

Жаңылыктар түрмөгү
0