Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги

© Фото / предоставлено Дамирой КампабековойБиолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова
Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет. Ал алыскы райондо бир топ ишини жумуш менен камсыз кылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ишкер менен өлкө аймагындагы дары чөптөр жөнүндө маек курду.

— Дары чөп менен алектенүүгө тажрыйба, билим керек эмеспи, кантип ишкерликтин бул түрү менен алектенип калдыңыз?

— Кыргызстан эгемендүүлүк алган 90-жылдары биология сабагынан мугалим болуп иштечүмүн. Анда оңгулуктуу айлык төлөнбөй кыйналып жүргөм. Ошондо дары чөптөр менен алектенүүгө кызыгып, өзүбүздө өскөн дарылыгы бар чөптөрдү өзүбүздүн элге жайылтсак деген тилек пайда болду.

Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

Ишибизде дайым изденип, жаңы чыккан адабияттарды окуп турушубуз керек. Башында өзүбүз тоого чыгып өз алдыбызча чөп терип сатып жүрчүбүз. Айылдаштарым "муну ким алмак эле" деп күлүп шылдыңдачу. Ага чейин мамлекеттик университеттин биология факултетин аяктагам, кийин дары чөптөрдү даярдоо боюнча атайын курсту бүтүргөм. Иш баштаганда жолдошум колдоп, жардам берип, Бишкектеги дарыканларга, дарыгерлерге чөп даярдап берчүбүз. Убакыттын өтүшү менен дары-дармек чыгарган фирмалар менен иштешип, кийин өзүбүз дары чөптөрдү өстүрө баштадык. Анын аркасы менен балдарыбызды чоңойтуп, окутуп эрезеге жеткирдик. 

© Фото / предоставлено Дамирой КампабековойАт Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет.
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет.

— Азыр дары чөптүн канча түрү менен иш алып барасыз?

— Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз. Негизи органикалык продукция даярдоого басым жасайбыз. Чыккан продукциялардын көпчүлүгү табигый, химия жокко эсе.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

— Көпчүлүгүбүз Кыргызстанда дары чөп менен иш баштоонун келечеги бар деп айтып калат эмеспизби. Кирешелүү эле бизнеспи?

— Ооба. Абдан кирешелүү бизнес. Тоодо өскөн дары чөптү терүү үчүн айыл чарба техникасын, кошумча каражат жумшабайт. Табият берген өсүмдүктөрдөн эле киреше табуу мүмкүн. Бирок анда жаратылышка аяр мамиле кылуусу зарыл. Дегеним, өсүмдүктү тамыры менен жулбаш керек. Ал чөптөр кийинки жылы чыкпай же түшүм байлабай калышы толук ыктымал. Экология унутта калбайт. Талаага же чакан жерге өстүрүү деле кирешелүү. Мисалы, быйыл балдарым менен эки сотых жерге валериана (валерианалар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк) өстүрүп эле 48 миң сом киреше таптык. Бул акча элет жериндеги үй-бүлө үчүн жакшы эле каражат. 

— Иштейт элем дегендердин баарын ала бересиздерби?

— Тоодон дары чөп терген жашоочуларды алдын ала окутабыз. Аларга жаратылышты талкалабай, бузбай жыйнаганды үйрөтөбүз. Мисалы, бүт баарын эле терип албай, урук чачканга да калтыртабыз. Терүү убактысын, кайсы чөптүн кайсы бөлүгүнүн дарычылы көп экенин, кургатуу ыкмасын көргөзүп беребиз. Ал үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан лицензия алып, кызматкерлерге күбөлүк берилет. Ошонун негизинде гана тоо арасында иштей алабыз.

— Азыр Кыргызстанда өскөн дары чөптөргө чет элдиктер тарабынан суроо-талап барбы?

— Чет мамлекетте жумуштап көп чыгып, башкалардын тажрыйбаларын изилдеп жүрөм. Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз. 

© Фото / предоставлено Дамирой КампабековойКампабекова: Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз.
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кампабекова: Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз.

— Биздеги дары чөптөрдүн айырмачылыгы жана өзгөчүлүгү эмнеде?

— Кыргызстандагы дарылыгы бар чөптөр бийик тоолуу, экологиялык таза аймакта өсөт. Алардын арасында жер бетинде сейрек кездешкен дарылыгы бар өсүмдүктөр да кездешет.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

— Сиз ачкан Ат-Башыдагы ишканаңызда учурда канча адам иштеп жатат?

— Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык. Бизнес-өнөктөшүм менен 200 миң долларга алган вакуумдук кургатуучу жабдуубуз бар. Аны менен буюрса жер-жемиштерди да кургаталы деп жатабыз. 

© Фото / предоставлено Дамирой КампабековойИшкер Кампабекова: Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз.
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Кампабекова: Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз.

— Кыргызстанда изилдене элек чөптөр көп элеби? Алардын кандай дарылык касиеттери бар?

— Аркар оту, уулжан деген дары чөптөр жакшы изилдене элек, алар бөйрөк ооруларына жакшы. Ак кодол муун ооруларын айыктырып, бруцеллезду жок кылуу касиетине ээ. Бул чөптөр бизде толук изилдене элек. Бирок аларды кыргыздар байыртан эле колдонуп келген. Алсак, бугу тамыр деген дарыга германиялыктар атайын буюртма берип алып кетишет. Түркиялыктар бизде өскөн алтын оту деген гүлдү аябай баалашат. Ал чөп боорду тазалап, өт толуп кеткенде зилди чыгарат. Индиялыктар болсо биздин көкөмеренге аябай кызыгышууда. 

© Фото / предоставлено Дамирой КампабековойКампабекова: Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык.
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кампабекова: Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык.

— Өлкөдө дары чөптөр менен иштеген ишкерлер анча көп эмес. Алдыга жылуу жаатында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

— Азыр бир долбоорго катышып, биздеги дары чөптөрдөн эфир майын чыгарууну жолго салууну баштаганы жатабыз. Даяр продукцияны Япония ири көлөмдө алуу ниетин билдирди. Буюрса, айыл жериндеги элди дары чөптөрдү өстүрүү ыкмасын үйрөтүп, түшүмдү өзүбүз жакшы баада алып беребиз. Долбоордун алкагында эл аралык сертификатты алганга даярданып жатабыз. Баштап жаткан ишибиз айыл жеринде жашаган тургундар үчүн жакшы пайда алып келет. Аны менен биргеликте дары чөптү эл көп айдаса, сырттан түшкөн буюртмаларды толук аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чындыгында Кыргызстанда дары чөптөр боюнча завод-фабрика жок. Ал эми союз учурунда салынгандар талканып кеткен. Азыр аларды кайра жандандырууга убакыт келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0