Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКырыгзстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кырыгзстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр ушул күнү, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч түзүмдөрү кармоо аракетин көргөн. Андагы каршылык көрсөтүүлөр, башаламандыктар жана окуянын өнүгүшү түнгө чейин кыргызстандыктарды кирпик кактырган эмес.

Атамбаев эртеси гана багынып берип, кийин өзү менен кошо бир топ кишиге кылмыш иши козголуп, соттук отурумдар азыркыга чейин уланууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы кандайча башталганынан тарта анын учурдагы жагдайына чейин айтып берүүнү чечти.

Атамбаев эмнеге күч менен кармалган?

Былтыр кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында Алмазбек Атамбаев күбө катары үч жолу суракка чакырылган, бирок экс-президент "бийлик алгач укуктук талаага келсин" деп барбай койгон. Кийинчерээк ал адвокаты аркылуу кат түрүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында журналисттер менен сүйлөшүп турат.
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында журналисттер менен сүйлөшүп турат.

Ага чейин Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Ошол кезде Атамбаев жашаган Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары тарабынан "Элдик штаб" уюштурулган. Ал жерге саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн, партиялаштарынын жана элдин аягы үзүлбөй келген.

7-августтагы ийгиликсиз операция

Атамбаевди кармоону Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы "Альфа" кызматы колго алып, 7-август күнү кечинде ишин баштаган. Бул тууралуу аймактык ЖМКларга саат 19:00-20:00 маалым болгон.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүн аскерлердин камалоо учуру.
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүн аскерлердин камалоо учуру.

Бирок Атамбаев жана анын тарапташтары күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөн. Мурдагы мамлекет башчынын үйүнүн ичи-тышында ызы-чуу башталган. Сырттагы эл милиция менен кагылышып, таш ыргытып, өрт коюп, тилекке каршы, жаракат алгандар каттала баштаган. Ал Атамбаевдин үйүнүн ичиндеги тарапташтары аскерлерди сабап, кармап алышкан. Мындай көрүнүш түнгө чейин уланган.

Атамбаевдин кайсы мүлкү конфискацияланат. Тизме

Андан соң Атамбаев жана анын депутат тарапташтары бийликке кайрылуу жасап, баскынчылык кадамдарды токтотууга чакырган. Ал күнү мурдагы президентти бийлик кармай алган эмес. Аскерлер эл менен кагылышты күчөтпөө үчүн Кой-Таш айылынан кетишкен.

Саламаттык сактоо министрлигинин 8-август, таңкы саат бешке берген маалымат боюнча, атышуудан 50гө чукул киши жабыркаган. Анын көбүн спецназ менен жай тургундар, азыраагын милиция кызматкерлери түзгөн. УКМК жоокерлери желим ок колдонгонун, чыныгы октор Атамбаевдин тарапташтары тарабынан атылган дешкен. Кийин жалпысынан Кой-Таш окуясынан 100дөн ашуун киши жабыр тартканы маалым болгон.

Бир спецназ аскери каза таап, милиция башчысы катуу жабыркаган

8-августка караган түнкү саат бирлерге чукул Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан бир жоокер үзүлгөнү белгилүү болгон. Көкүрөк тушка ок жеген аскер "Альфа" командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков экендиги белгилүү болгон... Артында төрт баласы калды, президент жакындарына "Эрдик" медалын тапшырган. Быйыл Башкы прокуратура спецназдын жоокери Атамбаевге таандык куралдан өлгөнүн айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдүн үйүнө жасалган камалоо бүткөндөн кийин ал жерден табылган ок.
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдүн үйүнө жасалган камалоо бүткөндөн кийин ал жерден табылган ок.

Ал эми Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө бир нече күн жаткан. Андан кийин узак убакыт бою Москвада дарыланып, бир нече ирет операция болгон. Ушул жылы апрелде Бишкекке келген, азыркыга чейин жумушка чыга элек.Ага дагы "Эрдик" медалы ыйгарылган.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов УКМКнын Атамбаевди кармоо боюнча операцияга шалаакы, мажирөө аракет деп баа берип, тиешелүү тараптар жооп бериши керектигин айткан.

Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотуп, жыйын курган

Жээнбеков 7-август түндө Ысык-Көл облусундагы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келген. Эртеси, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, бир катар кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берген. Ошондой эле Атамбаевдин кадамдарын катуу сындаган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, ага Жээнбеков дагы катышкан.

Атамбаев оңой менен багынган эмес

Эртеси, 8-августта, абал тынч деп бааланган. Бирок Атамбаев тарапташтары үй жагынан тарабай, кайра чогула баштаган. Бул убакта жүздөгөн милиция тартылып, Кой-Ташка өтө турчу жолдорду бууган. Кечке жуук эл менен милиция кайрадан кагылышкан. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонушса, Атамбаевдин тарапташтары аларга таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыткан.

© Sputnik / Табылды КадырбековКой-Таш айылынын көчөсүндөгү өрт, арткы фондо — Атамбаевдин үйүнө штурм жасаган аскерлер.
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш айылынын көчөсүндөгү өрт, арткы фондо — Атамбаевдин үйүнө штурм жасаган аскерлер.

Ошондой эле Кой-Ташта интернет начар иштеп, байланыштар азайган. Мындан улам ал жактагы окуядан кабар алууда дагы кыйынчылыктар жаралган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

8-августта кечки жетилерде ИИМ кызматкерлеринин Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетишкени белгилүү болгон. Интернетке тараган видеодо аны багынып берүүгө ошол кездеги ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов көндүргөн. Ал мурдагы мамлекет башчыга жана тарапташтарына күч колдонбой турганын айтып, тынчтык жолу менен алып чыгып кеткен. Бирок 13-августта Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен кызматтан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Азыр үй камагында.

Атамбаевди алгач ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып келишип, андан кийин УКМКга өткөрүп беришкен.

Ошол күнү кечинде "Ала-Тоо" аянтында Атамбаевдин жүздөн ашуун тарапташы чогулуп, аларды милиция таркатуу үчүн түн бир оокумга чейин жүргөн.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев кармалгандан кийин тарапташтары Бишкектин борборуна келип, аларды милиция кууп тараткан.
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин тарапташтары Бишкектин борборуна келип, аларды милиция кууп тараткан.

Тарапташтары биринин аркасынан экинчиси кармалып, чакырылган

Кой-Таш окуясынын алкагында "Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Бейбаштык", "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук", "Туткунга алуу" жана башка беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон.

Атамбаевдин артынан эле тарапташы Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев, Элдик штабдын жетекчиси Кыяз Смаилов камакка алынган. Андан кийин Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Нооруз Капарбек уулу жана башкалар кармалган.

Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми. Сүрөт

Ал эми мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаев суракка чакырылган. Учурда Кодуранова, Карамушкина жана Жолдубаева үй камагында.

Атамбаевдин азыркы тагдыры

Бир ай мурда Атамбаев Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланып, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдары менен сыйлыктарынан кол жууду.

Бирок Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдар уланып жатат. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Өзү баш болгон 14 кишиге расмий түрдө айып тагылган.

Жакында эле ал эки тараптуу пневмонияга кабылып, ооруканадан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0