Бишкекте 101 жаштагы карыя коронавирустан айыкты. Ал өлкөгө эмгеги сиңген адам

© AFP / PEDRO PARDOОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту жеңген аксакал ооруканага пневмониянын оор формасы менен түшкөн. Ага кошумча жүрөгү ооруп, кан басымы жогору болчу.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте пневмониянын оор түрү менен ооруканага келип түшкөн 101 жаштагы карыя айыгып, үйүнө чыкты, азыр абалы дурус. Бул туурасында борбор калаадагы президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлмира Баитова айтып берди.

Кылым жашаган аксакал аталган медициналык мекемеде дарыланган. Ал карыя КР илимине эмгек сиңирген ишмер.

"Аксакал бизге эки тараптуу пневмониянын оор формасы менен келип түшкөн. Кан басымы жогору, жүрөгү ооруп, бронхити бар экен. Оор абалда алып келишти. Дароо реанимацияга жаткырып, ошол жактан дарылап баштадык. Азыр жакшы, үйүнө чыкты. Негизи биздин клиникага көбүнчө улгайып калган бейтаптар жатат", — деди Баитова.

Дарыгер бейтаптардын арасында 70-80 жаштан өткөндөрдүн ичинен COVID-19ду жеңип, айыгып кеткендери бир топ болгондугун кошумчалады.

Оорукананы бошоткон бейтаптар көбөйүүдө. Бишкектеги орундардын тизмеси

"Коронавирус жуктуруп алып оор абалда келгендердин басымдуу бөлүгү да жашы өтүп калгандар эле. 70-80 жаштан ашып калгандардын арасынан айыккандар көп  болду. Инфарк, кант диабетине кабылгандардын ичинен да коронавирустан сакайып кетишти", — деп айтып берди жетекчи.

Ал коронавирустан айыккан 101 жаштагы карыя Бишкек шаарынын тургуну экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирусту Кыргызстанда 653 адам жеңип, жалпы айыгып чыккандардын саны 27 927 болду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0