05:41 25 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2898 0 0

Адис бул жемиштерди эркектерге да сунуштады. Анткени булардын курамында цинк көп. Ал тестостерондун деңгээлин кармап турат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россиялык дарыгер-диетолог Инна Кононенко өрүк менен шабдалынын пайдалуу жана зыян жактарын айтып, бул жемиштерди кимдер этияттап жеши керектигин түшүндүрүп берди. Дарыгердин кеңеши "Известия" басылмасына жарыяланды.

Адис аталган жемиштерди калориясы аз болсо да кант диабети бар, ашыкча салмак менен жабыркаган адамдарга сунуш кылбайт. Ашказан, ичеги оорусу барлар, панкреатит, гастритке кабылгандар да шабдалы менен өрүктү аябай эле аз өлчөмдө жеши керек.

Дайым жаш көрүнгүсү келгендер кайсы тамакты аз жеши керек. Адистин жообу

Аталган азыктар аллергияны да чакырат. Мындан улам диетолог аларды балдардын рационуна этияттап кошуу керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда диетолог аталган жемиштер кандай витаминге бай экенин кошумчалап кеткен.

"Шабдалыда да, өрүктө да антиоксидант, флаваноид көп. Алар онкологиялык оорулар менен күрөшүүгө жардам берип, кан басымды жөндөөгө көмөктөшөт. Шабдалы магний менен калийге дагы бай. Айрыкча ал буту ооругандарга пайдалуу. Магний стресс менен күрөшүүгө көмөктөшүп, инсулин бөлүп чыгарат", — деди адис.

Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек

Диетолог шабдалы менен өрүк көздүн көрүүсүн да жакшыртарын кошумчалады.

"Кош бойлуу аялдар токсикоз болгондо шабдалы жүрөктү айлантпайт. Организмден ашыкча суюктукту бөлүп чыгарып, ичти жумшартат. Шабдалыда да, өрүктө да бор кислотасы көп. Ал сөөктөрдү бекемдөөгө чоң жардамчы. Бирок жашыл өрүктөрдү этияттап жеш керек", — деп эскертти дарыгер.

Кононенко бул жемиштерди эркектерге да сунуштады. Анткени курамында цинк көп. Ал эми бул элемент тестостерондун деңгээлин кармап турат.

Тема боюнча

Адатта пайдалуу дейбиз... Гастроэнтеролог тамакты ысык ичүү зыян экенин айтты
Белгилер:
кеңеш, оору, жемиш, өрүк, диетолог

ЭҢ МААНИЛҮҮ