Коронавирустан айыккандан кийин спорт менен машыкса болобу? Адистин кеңеши

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТренажердо чуркап жаткан кыз. Архив
Тренажердо чуркап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ден соолугун калыбына келтирип жаткан адамга темеки чегүүдөн жана ичимдик ичүүдөн баш тартуу сунушталат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн тамактануу жана кыймылда болуу режими сакталышы керек. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди.

Адистин айтымында, ооруп чыккан адамдар көп кыймылда болгондо деми кыстыгып, алсырап, бат чарчап, чыдамкайлыгы кетип, денеси шалдырап калат.

Алтымышева өзгөчө оорусу орточо оор жана оор формада өткөндөргө реабилитация керек экенин белгиледи. Ошондой эле темеки чегүүдөн жана ичимдик ичүүдөн баш тартуу зарыл.

COVID-19дан жаңы сакайган киши кандай тамак жеш керек. Адистин кеңеши

Кыймылда болуу эрежеси:

  • айыгып чыккандан кийин көп кыймылдоонун кажети жок. Таза абада жай басуудан баштоо шарт. Абалыңыз жакшырган сайын ылдамыраак басып, көбүрөөк убакыт жүрүүгө болот. Биринчи күнкү сейилдөө 30 мүнөттөн ашпашы керек;
  • эгер оору орточо оор формада өтсө, пульмонолог же дарылаган дарыгерден кеңеш алып алуу шарт;
  • мурда спорт жана фитнес менен машыксаңыз кайра жандантып, акырындык менен жасай берсе болот;
  • дем алуу органдарын жакшыртуу үчүн атайын көнүгүүлөрдү үйдө өз алдынча жасоого мүмкүн. Күнүнө 10-15 мүнөт убакыт бөлүү менен жакшы жыйынтыкка жетишсе болот;
  • иммунитетти чыңдоо үчүн сегиз сааттан кем эмес уктоо сунушталат;
  • адам ден соолугун кайра калыбына келтирип жатканда муздак жерден алыс болуп, суук тийип калуудан сактануусу аябай маанилүү.

COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп

Алтымышева бул категориядагы жарандар дагы санитардык нормаларды сактап, бет кап тагынуу жана социалдык дистанцияны сактоо эрежелерин так аткаруусу керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0