Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

© Фото / предоставлено Эрмеком УсенакуновымВолонтер Эрмек Усенакунов
Волонтер Эрмек Усенакунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын саны өсүп, ооруканага батпай эл ызы-чууга түшө баштаган мезгилде ыктыярчылар бийликти колдон-буттан алды. Айрымдары стационар ачса, кээ бири дары-дармегин, медициналык жабдуусун ташып, бир муштумга биригишти.

Кыйын кырдаалда жөн отурбай жардам берген ыктыярчылардын арасында эмерек жасагандар дагы бар. Кеткен чыгымын өздөрү көтөрүп, муктаж болгон оорукана, стационарларга керебет, тумбочка, штативдерин жасап бекер таратышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жакшы ишке демилгечи болгондордун бири Эрмек Үсөнакунов менен баарлашты.

— Ыктыярчылар өлкө башына кыйын кырдаал келгенде бийликтин колуна кол, бутуна бут болуп жардам берип жатат. Алардын катарында силер да бар экенсиңер. Саамалык кандайча башталды, керебеттерди жасап бекер таратуу кимдин идеясы эле?

— Бул ишти бир адам жасаган жок. Бишкек шаарындагы эмерекчилердин, кесиптештеримдин биргелешип жасаган жумушу. Пандемия биздин өлкөдө да күч алып, ооруканага күндөп-түндөп баргандарды, жалдырап жардам сурагандарды көрүп жөн отура алган жокпуз. Эмерекчилердин Whatsapp тайпасы бар болчу. Алгач ал жакка "акча чогулта калып муктаж болгондорго кычкылтек концентраторлорун алып берели" деп сунуш кылдык. Көпчүлүгү колдоду. Андан кийин баарыбыз чогулуп, сүйлөшүп отуруп эле ошол жерден "концентратор менен токтоп калбай, керебет жасап, ооруканаларга бекер тараталы" деген идея жаралды. "Эмерекчилер биримдиги" деген ат койдук да, ишти баштадык.

Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги

Керебеттин материалдарын өзүбүздүн каражатка алып жасадык, ал эми матрацтардын көбү элден келди. Анткени эмеректи жасап баштаганда матрац боюнча көйгөй жаралгандыктан коомчулукка кайрылганбыз. Элден айланса болот, дээрлик 90 пайызын шаардыктар алып келип беришти. 

© Фото / Эрмек УсенакуновВолонтер Эрмек Усенакунов
Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Волонтер Эрмек Усенакунов

— "Эмерекчилер биримдиги" түзүлгөнүнө 15 күндөй эле болуптур да. Бул аралыкта канча оорукана, стационарларды керебеттүү кылдыңар?

— Бир топ эле иш жасалды. "Ынтымак", "Карагат" стационарларына, № 6 шаардык клиникага, Чүйдөгү төрөт үйүнө, Калыс-Ордо, Дордой-2 жаңы конуштарындагы стационарларга 10, 20 даанадан керебет, тумбочка, штативдерди бердик. Мындан сырткары, аймактардагы айылдарга да таратылды. Баш-аягы 30дай жерге керебеттерди акысыз жасап тапшырдык.

— Азыр стационарлар мечит, спорт зал, кафелерде да ачылып жатат. Буларга берилген керебеттерди кийин кайра аласыңарбы?

— Бул тууралуу азыр ойлоно баштадык. Ооруканаларга берилгендер ошол бойдон калат. Ал эми спорт зал, кафелерде ачылгандарга "кийин керебеттерди жергиликтүү оорукана же балдар үйлөрүнө өткөрүп берип койгула" деп айтсак болмок. Тапшырып бергенибизге кубанып эле кете бериптирбиз. Эми кийинкилерин ошондой шарт менен тараталы деп сүйлөшүп жатабыз. 

© Фото / Эрмек УсенакуновВолонтер Эрмек Усенакунов
Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Волонтер Эрмек Усенакунов

— Керебет таратып жүрүп "кызыл зоналарга" кирдиңерби? Дегеле ушул ишти баштагандан бери кандай окуяларга күбө болдуңар? Таң калтырган учурлар болдубу?

— "Кызыл зонага" кирген деле жокпуз, бирок көп эле окуяларга туш болдук. Керебеттерди таратканы № 6 шаардык клиникага барып калдык. Көрсө, ал жактагы медик кыздар полго эле жатып иштешчү экен. Матрацтары да жок, жука эле төшөккө жатып жүрүшүптүр. Биз керебет алып барганда аябай кубанышты. Ал жерде иштеген эжелерден "үйгө барбайсыңарбы?" деп сурасак, "кыздар эки айдан ооруканага жатып иштеп жатышат" деп жүрөктү оорутту. Барган керебеттерге кубанган медик кыздар улам-улам рахматын айтып, эмеректерди өздөрү ташып, торт алып берип узатышты.

Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги

Бул апаат чындап эле элди бириктирди. Эл ичинде жүрөгү таза адамдар көп экенин көрдүм.

Дагы бир учурду айтып берейинчи. Бир күнү телефонума жаш бала чалып: "Сиздердин жасап жаткан ишиңер тууралуу социалдык тармактан окудум. Буга чейин Кытайда билим алчумун, азыркы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга каникулга келгем. Жөн отурбай сиздерге жардам берүүнү туура көрдүм", - деп калды. Макул болуп цехке чакырдык. Колунда бар, бардар жердин уулу экен. Бирок ушунчалык жөнөкөйлүгү, тартиптүүлүгү таң калтырды. Негизи байдын балдары башкача болот го, абдан ыраазы болдук. Арабызда ушундай жакшы адамдардын көп экени кубандырды. 

© Фото / Эрмек УсенакуновВолонтер Эрмек Усенакунов
Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Волонтер Эрмек Усенакунов

— Аймактарга да керебет бердик деп жатпайсызбы. Ал жактардагы ооруканалардын абалы кандай экен?

— Мен кыдырган ооруканалар жакшы эле иштеп жатыптыр. Биз барган учурда бейтаптар аз болчу. Оорукана боюнча дагы бир учур эсиме түшүп кетти. Өткөндө социалдык тармакта Ысык-Көлдөгү ооруканалардын биринде бир керебетте үчтөн-төрттөн бейтап жаткан сүрөттөр тараган. Биз ал постту жарыялаган кызды таап, ал аркылуу оорукана жетекчилиги менен сүйлөштүк. Керебет жеткирип берүү сунушун угуп жетекчилик абдан кубанып автоунаа жиберерин айткан. Бирок үч саатка жетпей кайра чалып, "ооруканада керебеттер жетиштүү, эч нерсе кереги жок" деп айтып трубканы коюп койду. Бул тууралуу билдирүү жазган кызга кайра чалып окуянын чоо-жайын сураштырсак, көрсө өйдө жактан кысым болуптур. Ал тургай ал кыздан билдирүүнү өчүрүп коюуну суранышыптыр. Албетте мындай иштер өкүндүрөт.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Кайрымдуулук жасап жүрсөк кайра бизге белек бергендер да болду.

Бишкек шаарынын жашоочусу 62 жаштагы Айнура деген апа бир күнү эмерекчилерге бир топ жаздык тигип таксиден салып жибериптир. Жаздыктарынын биринин бетине кагаз чаптап, ага өзүнүн аты-жөнүн, телефон номерин, ыраазылык сөзүн жазыптыр. Мындай белектер биздин андан кийинки кадамдарга ого бетер шык берди. 

© Фото / Эрмек УсенакуновВолонтер Эрмек Усенакунов
Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Волонтер Эрмек Усенакунов

— Сиз айткандай, оору элдин башын бириктирди окшойт. Эми алдыда кандай пландарыңар бар? Мындай иштер дагы да уланабы?

— Биздин кайрымдуулук иш тууралуу аймактарга эми жете баштаптыр. "Беш даана болсо деле алып келип бере аласыңарбы" деп сурангандар көп. Мындан улам ишти дагы да уланталы деп жатабыз. Бирок буга чейин түптөп койгон фондубуз болбогон соң "материалдарын алып бере аласыңарбы" деп демөөрчү ага-инилерге кайрылып кетмекчибиз. Алар материал менен камсыз кылса, биз керебеттерди жасап муктаждарга таратып бермек элек. Учурдан пайдаланып, маекти окуп жаткан ага-инилерге кайрылып кетем. Эгер демөөрчү болом десеңиздер, көмөк көрсөтүңүздөр!

Ыктыярчылар менен эми Аида Исмаилова жолукту. Кандай сунуштар болду

Баса, негизи биздин иш кычкылтек концентраторлорун алуудан башталган деп жогоруда айтып кетпедимби. Буюрса ага акчабыз чогулуп, буюртма менен эки кычкылтек концентратору да келди. Азыр кайсы ооруканага берсек деп ойлонуп, такташып жатабыз. Бир чечимге келгенден кийин аны да тапшырабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0