Бекер дарылайт. Аламүдүндө алгачкы жеке мобилдик госпиталь ачылды

© Sputnik / Владимир АстапковичБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Госпиталь пенсионерлерге, жумушсуз калгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштун оор кырдаалына кабылган жарандарга жардам берет.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда күндүзгү стационар катары иштей турган өлкөдө алгачкы жеке мобилдик госпиталь ачылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оорукана Ленин айылынын Алматы  көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жайгашкан. Ал 50 оруну бар 13 палатадан турат. Бул жакта дарыкана пункту да ачылган.

"Госпиталь пенсионерлерге, жумушсуз калгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштун оор кырдаалына кабылган жарандарга, дары-дармек же кеп-кеңеш ала албай жаткандарга жардам берет. Аларды дары-дармектер, шприцтер, системалар, кычкылтек концентраттары, бет каптар, кол каптар, антисептиктер, таза суу, Wi-Fi жана башкалар менен акысыз камсыздайт. Керек болгон учурда госпиталды бир күндүн ичинде республиканын каалаган регионуна көчүрүп баруу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачылды

Ошондой эле дарыгерлерге бардык керектүү каражаттар берилип, ысык тамак жана транспорт дагы уюштурулат. Дарыгерлерге 30 000 сом, медайымдарга 20 000 сом, санитардык кызматкерлерге 15 000 сом төлөнүп берилери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0