Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек

CC0 / Pixabay / Kathrin PienaarГүл кармап турган кыз. Архив
Гүл кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 51 Олимпиада, эки Олимпияда жана бир Олимпиадабек жашаарын билчү белеңиз? 1980-жылдары төрөлгөн ымыркайларга белгилүү себептен улам ушундай аттар коюлган.

Өзгөчө ысымдуу мекендештер тууралуу Sputnik Кыргызстан атайын макала даярдады. Алар ар кыл кесиптин ээлери. Бир катары Кыргызстанда, бир катары башка мамлекеттерде турушат.

Москвада өткөн 1980-жылкы Жайкы Олимпиадалык оюндар советтик спорт үчүн орчундуу окуя болуп, феномени ондогон жылдардан кийин да актуалдуулугун жоготкон эмес. Ири спорттук майрам биздин республиканын да бүйүрүн кызыткан. Ал гана эмес, кыргызстандыктар легендарлуу Олимпиада-80дин урматына өз балдарына да ушундай уңгулуу ысым койгон. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, бул бөтөнчө ат дал ошол 1980-жылдары көп коюлган.

Эч унутпайм. Олимпиада-80де котормочу болгон Бишкектин кулуну Алмас Чукиндин маеги

Кыргызстандын жарандарынын арасында 51 Олимпиада жана бир Олимпиадабек бар. Мамлекеттик каттоо кызматынан "Олимп" уңгулуу башка ысымдар боюнча да төмөнкүдөй маалымат беришти:

  • Олимп — 15;
  • Олимпия — 7;
  • Олимпияда — 2;
  • Олимпиа — 2;
  • Олимпиада Чер Су — 1;
  • Олимпбек — 1;
  • Олимпий — 1.

Мындай ири спорттук майрамдын 40 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Олимпиада ысымдуу үч айымдын баянын тыңдады. Ар башка муундун өкүлдөрү мындай бөтөнчө ат алардын жашоосуна кандай таасир эткенин айтып беришти.

Олимпиада Осмоналиева

Sputnik Кыргызстанга курган маегинде олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев 2000-жылы (Сиднейдеги Оюндардын жабылыш аземи маалында) төрөлгөн небересине Олимпиада деп ат койгонун айткан эле. Белгилүү спортчу бул ысымды тандаганына баары таң калганын айткан.

"Эми мындай мелдештерге катыша албайм, ошондуктан көзүм тирүү кезде неберемден улам "Олимпиада" деген сөздү кайталап турам дегем", — деп түшүндүргөн оор атлетчи.
© Фото / предоставлено Олимпиадой ОсмоналиевойОлимпиада Осмоналиева
Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада Осмоналиева

Быйыл Олимпиада Осмоналиева 20 жашка толот. Кыргыз-Россия Славян университетинде юристтикти ийгиликтүү өздөштүрүүдө. Достору атын кыскартып, Оли деп коюшат. Бийкеч ысымы өзүнө жагарын жашырбайт.

Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом

"Адегенде ишенбей, чындап эле атым ушундай экенин кайра кайталай сурашат. Ынанышканда чоң атамдын тандоосун алкап, "мага да ушундай ат коюшса кана" деп калышат. Мүнөзүмө атымдын таасири тийгенин айта албайм, бирок баары бир атыма жараша затым болушу керектигин түшүнүп, кошумча жоопкерчиликти сезем", — дейт ал.

Чемпиондун небересинин пикиринде, көпчүлүк Олимпиада ысымдуу аялзатынан адептүү жүрүш-турушту күтөт.

Студенттин айтымында, ал олимпиадалык оюндарды калтырбай көрөт, үй-бүлөсү менен кошо "биздикилерге" күйөрман болушат. Баарынан да ага сууда сүзүү жана жеңил атлетика мелдештери жагат.

Олимпиада Калыгулова

Кийинки каарманыбыз Москвадагы жайкы Олимпиадалык оюндардын ачылыш күнүндө – 1980-жылдын 19-июлунда жарык дүйнөгө келген.

© Фото / Олимпиада КалыгуловаОлимпиада Калыгулова
Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада Калыгулова
"Нарын облусунун Кочкор районунан болом. Атымды чоң атам койгон экен. Олимпиада деп ысым койгонуна ошол тушта бүт өлкө демин ичине катып, Москвадагы Олимпиадалык оюндардын салтанаттуу ачылышына көз салып отурган экен", — деп белгилейт маектешибиз.

Ысымы дайым айланасындагылардын кызыгуусун жаратат, тактап сурагандар да көп болот.

"Башта буга көп маани деле берчү эмесмин. Бирок жыл өткөн сайын мынчалык көңүл бурдурганынан бир аз тартынчу болгом. Баары эле эмнеге атым Олимпиада экенин сурай беришет", — дейт ал. Азыр кыргызстандык Олимпиада Казакстанда турат.

"Турмушка чыккам, төрт балам бар. Бактылуумун, баары жайында. Кээде тааныштарым башкалардан айырмаланып турарымды, элден башкача экенимди айтып калышат. Бул канчалык атыма байланыштуу экенин билбейм. Олимпиадалык оюндарга көз салууга аракет кылам, жаңылыктарын кунт кое угам. Анан да мага жумшак мамалак оюнчуктар жагат десеңиз. Менимче, бул москвалык Олимпиаданын тумарынын таасири го", — деп ой бөлүшөт ал. Аны Алия деп коюшат, бул анын мусулманча аты.

Океан, Лексус... Кыргызстанда ымыркайларга коюлган сейрек ысымдардын тизмеси

Олимпиада Пефти

Келерки айда Олимпиада Ивановна 80 жашка чыгат. Ал алигүнчө Кыргыз-Россия Славян университетинде эмгектенет, педиатрия жана стоматология адистиктери боюнча №1 терапия кафедрасынын доценти.

Жогорку категориядагы врач-терапевт дайым биринчи орунга атасын коет. Дал ошол киши кызына мындай сейрек ысымды койгон.

"Олимпиада деп мага атам Иван Дмитриевич койгон, түбү грек менен украинден. Андыктан менин ысымымдын спорттук мелдешке эч кандай тиешеси жок. Харьков мединститутун аяктаган. Кыргызстанда 1933-жылдан бери жашаптыр. Кесиби боюнча аскердик хирург болгон", — дейт маектешибиз.

Айтымында, мүнөзүнө мындай ысымдын таасир этерин айтыш кыйын.

"Башка ысым менен жүрбөгөнүмдөн улам жашоомо атым таасир этип-этпегенин айта албайм. Турмушта мени Алла деп коюшчу. Ординатураны аяктап, кандидаттыгымды жактагандан кийин гана Олимпиада Ивановна болуп калдым. Ысымым дайым адамдарды кызыктырган, атамдын аты кошо уланганда ого бетер суктанышчу", — деп ой бөлүшөт педагог.

Маектешибиз тандаган кесибине эч качан өкүнбөгөнүн баса белгилейт.

"Эч качан медицинаны тандоо чечимимден шек санаган эмесмин. Жашоомо абдан ыраазымын. Себеби сени түшүнгөн жамаатта иштөө – ушундай бир байлык. Өлкөбүздүн булуң-бурчун кыдырдым, ошондуктан мен үчүн мекенден кымбат эч нерсе жок", — дейт Олимпиада Ивановна.

Айтмакчы, окутуучу да аты окшош мекендештери сымал эле олимпиадалык оюндарды калтырбай көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0