Мэрия: күндүзгү стационарлар бир күндө 4 000ден ашуун бейтапты тейлөөдө

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОткрытие дневных стационаров в Бишкеке
Открытие дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалым болгондой, күндүзгү жана түнкү стационарларды медициналык жабдуулар менен шаардык ишкерлер камсыз кылууда.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте күндүзгү стационарлар бир күндө 4 миңдей кишиге медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ күндүзгү стационарга 4 234 киши кайрылган. Анын ичинен 3 136сы асма укол алса, 1 075и медиктерден консультация алышкан. Ал эми 22си ооруканага жаткырылган.

"Тилекке каршы, Свердлов районундагы стационарлардын биринде 69 жаштагы аял көз жумган. Аны кеч алып келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми түнкү стационарлар бир түндө 608 бейтапты тейлеген. Анын 246сы ийне сайдырса, 348и медициналык консультация алышкан. Жети бейтаптын ооруканага жаткырылганы айтылды.

Бишкекте ачылган 13 стационардын дареги жана орундардын саны. Тизме

Маалым болгондой, күндүзгү жана түнкү стационарларды медициналык жабдуулар менен шаардык ишкерлер камсыз кылууда. Алсак, күндүзгү стационарларда 114 кычкылтек концентратору, 22 дарыкана иштеп жатса, түнкүгө 51 кычкылтек концентратору коюлуп, беш дарыкана иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0