Бишкекте ачылган 13 стационардын дареги жана орундардын саны. Тизме

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОткрытие дневных стационаров в Оше
Открытие дневных стационаров в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүзгү стационарлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Ага абалы канааттандырарлык бейтаптар келип тамчылатма укол жана ийне сайдырып кетет.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын ар кайсы жеринде жалпысынан 908 орундуу 13 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Азизбек Алымкулов брифинг учурунда билдирди.

Анын билдиришинче, Ленин районунда 267 орундуу беш стационар, Свердлов районунда 250 орундуу үч стационар, Октябрь районунда 151 орундуу эки стационар жана Биринчи май районунда 240 орундуу үч стационар киши кабыл алууда.

Мурдагы "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунда 400 орун даярдалды. Сүрөт

Бишкек шаарынын күндүзгү стационарлары төмөнкү базаларда жайгашкан:

Ленин районунда:

  • "Газпром" ден соолукту чыңдоо борбору, Жайыл баатыр көчөсү, 66 — 120 орун;
  • № 68 мектеп-гимназиясы, Токтогул көчөсү, 220 — 30 орун;
  • "Арал" кафеси, Дэн Сяопин көчөсү, 199 — 50 орун;
  • № 96 орто мектеп, Ак-Ордо конушу — 30 орун;
  • № 95 орто мектеп, Жал кичи району — 37 орун.

Свердлов районунда:

  • Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеп, Чыгыш 5 кичи району — 150 орун;
  • №94 орто мектеп, Дордой конушу — 50 орун;
  • №38 гимназия мектеби, Аламедин-1 кичи району — 50 орун.

Октябрь районунда:

  • "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы, Токомбаева көчөсү, 3/1 — 101 орун;
  • "Сейтек" мектеби, Анкара көчөсү, 1/10 — 50 орун.

Биринчи май районунда:

  • Кожомкул атындагы спорт сарайы, Тоголок Молдо көчөсү, 40 — 150 орун;
  • №83 орто мектеп, Патрис Лумумба көчөсү, 9 — 50 орун;
  • №81 орто мектеп, Ак-Босого конушу — 40 орун.

Күндүзгү стационарлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Ага абалы канааттандырарлык бейтаптар келип тамчылатма укол жана ийне сайдырып кетет. Мында калкка 216 медицина кызматкери жана 22 ыктыярчы медициналык жардам көрсөтүүдө. 22 дарыкана пункту иштеп, 114 кычкылтек концентратору коюлган. Ошондой эле электрондук кезек терминалдары орнотулуп жатат.

Ысык-Көл районунун акими медиктер жетпей жатканын айтып, жардам сурады

Ошондой эле борбордо эки түнкү стационар ачылган. Алар 7-кичи районундагы ДСК спорттук комплексинин базасында жана Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Консул" ресторанында иштеп жатат. Алар оор абалдагы сыркоолорду кабыл алганы менен күндүзгүдөн айырмаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0