БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев райондо медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жатканын айтып, ак халатчандар менен ыктыярчыларды көмөктөшүүгө чакырды.
Акимдин Facebook баракчасына жазганына караганда, медперсонал күндүзгү стационарларда жетишсиз болууда.
Учурда Ысык-Көл райондук ооруканасында 90, санаторийде 80, Ананьево айылында 15, "Алтын-Балалык" реабилитациялык борборунда 100 жана башка жерлерди кошкондо күндүзгү стационарларда 491 орун даярдалган.
Түркияда иштеген кыргызстандык 14 ыктыярчы медик келди
"Бирок өлкөнүн көп аймактарындагы көйгөй бизде да курч. Дегеним, ушул стационарларда иштегенге медиктер жетишпейт. "Беш адам бөлөк, тилек бир!" дегендей, биз сиздерден жардам сурайбыз. Бейтаптардын өмүрүнө аралжы болууга бел байлаган бардык врачтарга, медайым, медагаларга, келечекте бул кесиптин ээси болууну тандап алган жалын жүрөктүү медик студенттерге, ыктыярчыларга эшигибиз ачык", — деген Иманалиев.
Жатакана, тамак-аш акысыз болору жана айлык маяна төлөнөрү кошумчаланды.
Ысык-Көл районундагы стационарларга иштөөнү каалаган медиктер 0705863399 телефонуна чала алат.