Апасынын жанына коюлду. Чубак ажынын сөөгү жерге берилди. Сүрөт, видео

© Фото / Айбек НаржигитовЧубак ажынын сөөгү жерге берилди
Чубак ажынын сөөгү жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажияга жети облустан келишти. Жергиликтүү кеңештин депутатынын айтымында, келгендердин баарына бет кап кийүү зарылдыгы эскертилип, социалдык аралык сакталган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди. Бул тууралуу тажияга катышкан Арсланбап айылдык кеңешинин депутаты Давлет Арзикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / Давлет АрзикуловПохороны Чубак ажы Жалилова на малой родине
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди
© Фото / Давлет АрзикуловПохороны Чубак ажы Жалилова на малой родине
Бул тууралуу тажияга катышкан Арсланбап айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Давлет Арзикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу тажияга катышкан Арсланбап айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Давлет Арзикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
© Фото / Айбек НаржигитовПохороны Чубак ажы Жалилова на малой родине
Анын айтымында, аалым апасынын жанына коюлду - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын айтымында, аалым апасынын жанына коюлду
1/3
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзүнүн туулуп өскөн айылы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди
2/3
Бул тууралуу тажияга катышкан Арсланбап айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Давлет Арзикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
3/3
Анын айтымында, аалым апасынын жанына коюлду

Анын айтымында, аалым апасынын жанына коюлду.

“Тажияга өлкөнүн булуң-бурчунан миңдеген киши келди. Айылдагы беш гектардай айдоо жерге жаназа окула турган жай даярдалган. Республиканын жети облусунан адамдар келип катышып жатат. Келгендердин баарына бет кап кийүү зарылдыгы эскертилип, социалдык аралык сакталды”, — деди Арзикулов.

Сөөктү айылга саат 20.30дарда алып келишти.

Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

Жаназа намазын Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Чубак ажынын үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов окуду. Андан соң коргоочу кийим кийген адамдар табытты көтөрүп кетишти. Калың элге мүрзөгө барууга уруксат берилген жок.

Сөөк маркумдун жакын туугандары тарабынан жерге берилди.

Мурдагы муфтий 11-июлга оогон түнү оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Чубак ажыга эки тараптуу пневмония өрчүп, дем жетишсиздигинин үчүнчү даражасы деген диагноз коюлган. Мындан сырткары, бейтап кант диабетинен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан саат 2.50дө каза болгон.

© Фото / Айбек НаржигитовСөөктү айылга саат 20.30дарда алып келишти
Апасынын жанына коюлду. Чубак ажынын сөөгү жерге берилди. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Сөөктү айылга саат 20.30дарда алып келишти

Маркумга Бишкекте да жаназа окулуп, ага өлкөнүн муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баш болгон калың эл катышты.

Чубак ажы өмүрүн элдин руханий жактан оңолуусуна арнады. Муфтийдин билдирүүсү

Аалымдын кичи мекенинде да эл чогулуп, сөөктү күтүп жаткан сүрөт, видеолору тараган.

© Фото / Давлет АрзикуловЖаназа намазын Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Чубак ажынын үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов окуду
Апасынын жанына коюлду. Чубак ажынын сөөгү жерге берилди. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Жаназа намазын Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Чубак ажынын үзөңгүлөшү Абдышүкүр Нарматов окуду

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0