Өлүп калсам баламды ким карайт?.. Пандемиядан улам паникага алдырган келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековАял ымыркайы менен төрөт үйүндө. Архив
Аял ымыркайы менен төрөт үйүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

Бул ирет дүйнөгө жайылган коронавирус пандемиясынан улам тынчы кетип, корккон келиндин катын жарыяладык.

Коронавирус пандемиясынан улам тынчым кетти, стресске кабылдым окшойт. Ачыгын айтсам, Италия менен Америкадагы абалга анча кебелген эмесмин. Окуя башка жакта, башка планетада болуп жаткандай, бизге тиешеси жоктой, кыргыздар өлбөчүдөй эле сезилген. Бирок өлкөдө оорудан өлгөндөрдүн саны көбөйгөндөн бери тынчым кетти. Айрыкча белгилүү саясатчы өмүрү менен кош айтышканы мага негедир өзгөчө таасир этти. Эмнеге экенин билбейм. Жаман оорудан вакцина жок, дарысы чыга элек, ал эми жуктургандар көбөйүп жатат. Мындай кырдаалда бир күнү болбосо бир күнү мен дагы жуктуруп алып өлүп калсам эмне болот деген ой жеп салды. Пневмония болуп дем алалбай кыйналып ооруканага барсам орун жок дешсе кантем? Жалгыз болсом мынчалык ой баспайт беле... Эки айлык ымыркайым бар. Ошол кызымдын келечегин ойлой берем, өлүп калсам байкушумду ким карайт, Жаратканым, баламды ата-энесинен айрый көрбө деп күнү-түнү тиленем.

Ошто психологдор акысыз кеңеш берип жатат. Телефон номерлери

Ой басса, жан дүйнө тынчтыгы кетсе, коркуу сезими барымтага алса чүнчүп кетет экенсиң. Акыркы күндөрү жолдошума да ачуум келчү болду. Сырттан үйгө кирсе эле вирус кошо киргендей сезиле берет. Таштанды төгүп келсе деле киймиңди котор, машинага салып жууйлу дей берем. Жумушунан да акы төлөнбөй турган отпускага чыгартып алдым. Бирок эркек аялга окшоп үйдө кечке отура албайт экен, кээде достору менен жолукканы кетет, ансайын ага ызам күчөйт. Бирок мамилебизди бузуп албайын деп сыртыман билдирбейм. Өткөндө мен өлүп калсам кызым кантет деп түнү менен уктабай чыктым. Канткенде ушундай жаман ойлордон арыла алам? Жарык жоктой, келечек жоктой сезилип жатат. Корккондон, негативден өзүм дагы тажадым! Баламды алып эле бир жакка качып кетким келип жатат.

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:

— Ооба, азыркы кырдаал абдан оор. Коронавирус пандемиясы Европада күчөп жатканда көп кишилер “бизге жетпейт же бизге жетсе да мынчалык болбойт” деп ойлочу. Ушундай кырдаалда ар бир адам коомдо болгон пандемияга, эпидемияга жеке көз карашын калыптандырып, мамилесин өзгөртөт. Медициналык билими бар адамдар паникага көп алдырбайт. Анткени алар оорунун, пандемиянын массалык жайылышынын себебин толук билишет. Биздин медицинанын абалы паникага негиз берет.

Тамеки тартабыз, ичимдик ичебиз, жаратылышка көп чыкпайбыз, спорт менен машыкпайбыз. Жалаң жумуш, акча, үй-бүлөнү багуу деп өзүбүздүн ден соолугубузга карабай иммунитетти түшүрүп алдык. Ушунун баары өзүнүн негативдүү жыйынтыгын берип жатат. Эми бул жерден көз карашты өзгөртүшүбүз керек.

Каттын ээси жашын жазбаптыр. Бирок жетишерлик паникага алдырып койгону көрүнүп турат. Азыр көп кишинин абалы ушундай. Бул келин социалдык жактан калыптанган адам экен, ошого карабастан катуу стресс алышы мүмкүн.

Үй-бүлөдөн да, там-таштан да жок сызга отуруп калдым. Мигрант күйөөнүн көйгөйү

Биринчиден, ар кандай ушактардан, такталбаган маалыматтардан оолак болуу керек. Экинчиден, гигиеналык эрежелердин баарын сактоо зарыл. Бул нерсе адамга кандайдыр бир деңгээлде өзүнө ишеним берет. Андан кийин байланышты азайтып, сак болушу кажет. Дүкөнгө барса да аралыкты сактап турса, эч кандай коркунуч болбойт. Өзүнүн ден соолугуна байкоо салсын. Эгер өнөкөт оорулары жок болсо “мен ден соолугу чың адаммын, ооруп калуу коркунучу азыраак” деп өзүнө ишеним жаратуусу зарыл.

Жаман ойлорго көп берилбеш керек. Паника, чөгүп кетүү, депрессия мунун бардыгы иммунитетти түшүрөт. Туура ой-жүгүртүүгө өтүү кажет. Эгер ооруп калса бейтапканага кайрылат, дарыларды жазып берет. Азыр күндүзгү стационарлар ачылды. Кудайга шүгүр, жалгыз эмес, жолдошу, бир туугандары бар. Ошол себептен логикасы жок ойлордон арылуу керек.

Азыр көп өлкөлөр вирустун вакцинасын таап жатышат. Позитивдүү адамдар менен көп сүйлөшсүн. Адамдагы тынчсыздануу балага же жакын адамына өтөт.

Кызы менен көбүрөөк сүйлөшүп, ойносун. Бала деген жакшы энергиянын булагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0