Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСибирский федеральный университет в Красноярске
Сибирский федеральный университет в Красноярске  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сибирь федералдык университети чет өлкөлүк абитуриенттерге бир кыйла шарттарды түзүп берет: окууга чейинки жол кире, медициналык камсыздандырууну алып берет. Бул жерде учурда кыргызстандыктар да билим алууда.

Россиялык университеттер аралыктан иштөөнү улантып, чет элдик абитуриенттерди кабыл алууну ачууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тургуну россиялык окуу жайларга интернет аркылуу тапшыра алат.

Красноярскидеги Сибирь федералдык университети (СФУ) — Россиянын азиялык бөлүгүндөгү эң ири окуу жай. Россия Федерациясынын эң алдыңкы 20 университетинин катарында.

СФУ жүздөгөн россиялык жана чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташат. Бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуу көрсөткүчү боюнча да Россиядагы он окуу жайдын бири болуп саналат.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

Университетте бүгүн 30 миңден ашуун киши, анын ичинде миңден ашуун чет өлкөлүк студенттер, дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америка, Азия, Океания) угуучу жана стажерлор билим алат.

Чет өлкөлүк студенттердин катарында Кыргызстандын 163 жараны да бар, алардын 134ү бакалавриат же специалитет боюнча негизги билим берүү программаларын өздөштүргөн. 28 студент магистратурада жана бирөө аспирантурада билим алат.

Кыргызстандык студенттерди көбүнесе маалыматтык тутум жана технологиялар, технология, металлургия, тоо-кен иши, прикладдык геология, менеджмент, курулуш багытында даярдоочу бөлүмдөр кызыктырат.

Кыргызстандын жарандары россиялык жарандар менен тең укукта эле бюджеттик орундарды ээлөө үчүн ат салыша алат. Мындай мүмкүнчүлүк "Экономикалык жана гуманитардык багыттарга интеграциялоону тереңдетүү жөнүндөгү Келишимге мүчө мамлекеттердин жарандарына бирдей укук берүү" тууралуу 1996-жылдын 29-мартындагы өкмөттөр аралык келишимге ылайык берилет.

Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат

Андан сырткары, чет өлкөлүк абитуриенттер акы төлөп окууну тандоо менен каалаган адистиктер боюнча факультеттерге тапшыра алат. Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу тартиби менен аталган университеттин сайтынан таанышууга болот (http://international.sfu-kras.ru/education).

Тапшыруу жана окуу маалында колдоо чоң

Окуу жайга чет өлкөлүк абитуриенттерге бир кыйла шарттарды түзүп берет: окууга чейинки жол кире, медициналык камсыздандырууну алып берет. Жогорку балл алгандарга окуу акысын төлөөдө жеңилдиктер каралган. Бул туурасында Сибирь федералдык университетинин Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчиси Анна Мезит маалымдайт.

"Университеттин инфраструктурасы – биздин сыймыгыбыз. Ал 24 окуу корпусу, көз жоосун алган заманбап китепкана, конгресс-холл, көп функционалдуу спорттук комплекс, медициналык борбордон турат. Соңку беш жылда эле кампустун аймагында батир тибиндеги тогуз жатакана курулду. Ушул тапта СФУнун турак жай фонду 30 жатаканадан турат. Ага 11,5 миң студент жайгашып, шаар сыртынан келген жана чет өлкөлүк студенттердин турак жай муктаждыгын толук чечет", – дейт ал.

Анна Мезит белгилегендей, Сибирь федералдык университети чет өлкөлүк студенттерди кызуу колдоп келет. Кызматкерлер аларга көп маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Алтургай, кышка жылуу кийим тандоого, банк же врачка коштоп барууга чейинки иштерде да жардамдашат.

Келечектин кесибине жөнөкөй жол

"СФУнун Ыктыярчылык борбору чет өлкөлүк студенттерге экскурсияларды уюштуруп, аларды орус маданияты менен тааныштырып, баарлашуу клубун уюштурушат. Өзүбүздүн Эл достугу борборубуз да бар. Бул – чет өлкөлүк жарандардын студенттик бирикмеси, алардын жаңы шарттарга көнүп кетишин камсыз кылуу үчүн бир катар иш-чараларды өткөрөт. Бирок башкысы – бул достук, бири-бирине камкордук. Кээде мага биздин окуу жайдагы студенттердин союздары бир үй-бүлөдөй жашагандай туюлат", – деп билдирет ал.

Сибирь федералдык университетинде чет өлкөлүк студенттер үчүн даярдоо бөлүмү бар, анда орус тилин үйрөнө алышат. Жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин көпчүлүгү СФУнун Филология жана тил коммуникация институтуна тил өздөштүрүү үчүн келип турушат. "Лингвистика" жана "Филология" багыттарына даярдык боюнча бакалавриат жана магистратуралык программаларда тилди профессионалдык деңгээлде үйрөнө алышат.

"Биринчи курста бардык чет өлкөлүк студенттер үчүн орус тили боюнча акысыз адаптациялык курс уюштурулат. Студенттер кептин илимий стилин өздөштүрүп, грамматиканы кайталашат", – деп кошумчалайт Анна Мезит. Анын айтымында, СФУнун бардык чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрү өз мекенинде котормочу, инженер, экономист жана башка болуп, жумушка оңой орношо алат.

"Көп учурда биздин мурдагы студенттер өздөрүнүн жана РФ ортосунда өз ара кызматташууну өрчүтүү менен алектенишет. Бир нече жылдан кийин аларды жаңы мүнөздө, олуттуу тартып, ийгиликтүү болуп калышканына күбө болуу абдан жагымдуу. Маселен, Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрүбүз президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында, Улуттук банкта, Кыргызстандын күч органдарында, ири жеке жана мамлекеттик ишканаларда эмгектенишет", – дейт ал.

Тажрыйба менен сыналган

Нурзамат Искендербеков Сибирь федералдык университетине Кыргызстандан келип окуйт, бакалавриаттын үчүнчү курсун аяктоодо. Жогорку билим алуу үчүн заманбап өнөр жай үчүн кадр даярдоодо тажрыйбага бай россиялык окуу жайды тандап алган. Андан сырткары, бөлөк өлкөнү көрүп, маданияты менен таанышкысы келген. 

© Фото / Dogdurbekov N.Нурзамат Искендербеков Сибирь федералдык университетине Кыргызстандан келип окуйт, бакалавриаттын үчүнчү курсун аяктоодо
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай - Sputnik Кыргызстан
Нурзамат Искендербеков Сибирь федералдык университетине Кыргызстандан келип окуйт, бакалавриаттын үчүнчү курсун аяктоодо

Нурзамат Кыргызстандын эмгек рыногундагы керектөөгө таяна "транспорт түтүктөрүнүн эксплуатациясы" адистигин тандаган.

"Бул адистик мага кызыктуу сезилген. Кийин деле кызыгуум тарап кетпеди. Окуу негизинен мыкты өтүүдө. Айрым учурда Кыргызстан менен Россиянын мектептеринде даярдоо деңгээлиндеги айырмачылыктардан улам аз-маз кыйынчылыктар болуп калат. Бирок аларды жеңүүгө досторум, тайпалаштар жардам берет", – дейт ал.

Нурзамат студенттик илимий, чыгармачыл жана спорттук иш-чараларга активдүү катышат.

Кыргызстандан Россияга билим сапары: пандемия учурунда кантип окууга өтсө болот

"Менимче, ансыз университетте окуу жана инсан катары өсүш кыйын. Эгер керээли кечке бөлмөңдө отура бербесең эле мында кааласаң да, каалабасаң да өнүкпөй кое албайсың. Университетте илимий иштин уюштурулганы, студенттик турмуш жана эс алуу да жолго коюлганы жагат. Бул көп адамдар менен таанышып, баарлашууга, жаңы досторду табууга өбөлгө болот", – дейт ал. Окуу жайда алган билимин Нурзамат келечекте Кыргызстандын мунай-газ багытында пайдаланууну пландайт.

Университеттин аброю

Сибирь федералдык университети – кеңири адистиктер боюнча даярдоочу көп тармактуу университет. 90 бакалавриат жана специалитет, 144 магистрдик программа боюнча билим алууга болот. Окуу жайда орус жана англис тилдеринде окутулат.

СФУда эки миңден ашуун жогорку квалификациялуу окутуучу иштейт, алардын 1833ү – илимдин доктору жана кандидаттары. Жыл сайын университетке 400дөн ашуун профессорлор чакырылып, ошондой эле Англия, Германия, Испания, Кытай, АКШ жана башка мамлекеттерден алдыңкы окумуштуулар келип турат.

Университет жогорку квалификациядагы кадрларды даярдап, инновациялык технологияларды жаратат. Окуу жайдын илимий долбоорлору өнөр жай технологиялары, спутниктик тутумдар, нанотехнологиялар, масштабдык инвестициялык долбоорлордун экологиялык камсыздоосун камтыйт.

СФУ – дүйнөдөгү эң кеңири белгилүү Institut Paul Bocuse окуу жайы менен болгон келишими боюнча "Гастрономия жогорку мектеби" уникалдуу программаны ишке ашырып келе жаткан Россиядагы жападан жалгыз университет.

Россия ТИМинин алдындагы эл аралык институтка кабыл алуу башталды. Шарты

Болочок бүтүрүүчүлөр, тагыраагы, ресторан шефтери "Менеджмент" адистиги боюнча россиялык, ошондой эле Institut Paul Bocuse окуу жайынан эл аралык дипломду колго алат.

Учурда СФУ Кыргызстандын жети окуу жайы менен кызматташат. Сибирь федералдык университети Ош технологиялык институту жана Кыргыз улуттук агрардык университети менен кошо "экология" багыты боюнча биргелешкен магистрдик программаны ишке ашырат.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Сибирь федералдык университетин квалификациялуу кадрларды – жогорку окуу жайга чейинки, кесиптик жана кошумча билим берүү системасы аркылуу Кыргызстандын жарандарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн расмий провайдери катары аныктаган.

Кыргызстанда СФУнун Профориентациялык борбору иштейт. Ошондой эле аталган университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы иш алып барат. Ал эми университетте кыргызстандык студенттердин "Манас" биримдиги түзүлгөн. Бишкектеги Панфилов атындагы №6 гимназияда СФУ өкүлдөрү абитуриенттер үчүн мастер-класс жана фестивалдарды улам өткөрүп турат.

СФУ – Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) рейтингдик агенттиктеринин версиясы боюнча дүйнөдөгү 1000 мыкты университеттердин бири. Анын ичинде физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801+ орунду ээлейт. Ошондой эле СФУ беш алдыңкы улуттук рейтингдик агенттиктеринин тандоосуна таянсак, россиялык 20 мыкты университеттин катарына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0