БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда коронавирустан 10 адам каза болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгондордун саны 76 кишиге жетти.
Республика боюнча COVID илештирип 6 767 адам катталды. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда.
Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.