КР окумуштуулары Индиядагы маанилүү сессияга чакырылды. Катышуу жолу

© AP Photo / Mahesh Kumar A.Индия мамлекетинин желеги. Архив
Индия мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар сессияга өзүнүн илимий макаласын даярдаса болот. Сынакка жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин окумуштуулары тартылып жатат.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жаш окумуштууларды Индиядагы ири иш-чарага жиберүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Ал "Шанхай кызматташтык уюмунун илимий-технологиялык инновация өнөктөштүгүн түзүү. Жаш окумуштуулардын келечеги" деп аталат. Ал ушул жылдын 14-18-октябрында Хайдарабад шаарында өтмөкчү.

Сынак жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин окумуштуулары арасында уюштурулуп жатат.

"Конкурска 40 жашка чейинки академисттер, окумуштуулар, инженерлер, технологдор, инноваторлор, техно-ишкерлер жана стартап-кесипкөйлөр катыша алат. Окумуштуулар сессияда өзүнүн илимий макаласы менен чыга алат. Анда илимий-техникалык иштер, жаңы идеялар жана иштелип чыккан прототиптер чагылдырылат", — деп айтылат маалыматта.

"Алтын тамга" аттестатын кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү көп алды? Рейтинг

Ал эми катышуу боюнча арыздар 22-июндан 4-августка чейин кабыл алынат.

Конкурс төмөнкү тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы;
  • туруктуу энергетика жана энергия топтому;
  • биотехнология жана биоинженерия;
  • айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу.

Конкурска катышкан мыкты талапкерлерди тандоо үчүн министрлик комиссия түзөт.

Керектүү документтер:

  • анкета;
  • резюме/талапкердин кыска өмүр таржымалы;
  • талапкердин сүрөтү (250х300).

Катышуучулар эки тарапка жол акысын өздөрү төлөшү керек. Ал эми жатакана, тамак-аш жана шаар ичиндеги транспорттук чыгымдарды Индия каржылайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0