https://sputnik.kg/20200630/bishkekte-ehgiz-torogon-ayal-virustan-koz-zhumdu-1048859153.html
Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы
Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
Аял кесарево жолу менен эгиздерди жарыкка алып келген. Ага чейин тапшырган ПЦР-анализдери вирус жок экенин көрсөтүп, үчүнчү жолу, тагыраагы, көз жаргандан... 30.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-30T17:31+0600
2020-06-30T17:31+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104885/73/1048857301_0:0:3089:1737_1920x0_80_0_0_be31d647fffbb15c6a5f9ddd74981ba5.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104885/73/1048857301_178:0:2909:2048_1920x0_80_0_0_fee14fada3b4e62c23d658d4555b30b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, бишкек
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, бишкек
Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы
17:31 30.06.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Аял кесарево жолу менен эгиздерди жарыкка алып келген. Ага чейин тапшырган ПЦР-анализдери вирус жок экенин көрсөтүп, үчүнчү жолу, тагыраагы, көз жаргандан кийин тапшырганы илдет бар экенин аныктаган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү статистикасындагы каза болгон жети кишинин бири 27 жаштагы келин ооруканага кан басымы көтөрүлүп түшкөн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.
Коркунучтуу дарт экен! Ооруканадан кайрылуу жасаган 37 жаштагы милиционер көз жумду
Анын айтымында, аял кош бойлуулуктун 34-35 жумасында (сегизинчи айдын аягында) эгиз балдарды жарыкка алып келген. Келин буга чейин да эки жолу операция жолу менен көз жарган. Дарыгерлерге кош бойлуулуктун 30-жумасында гипертония менен түшкөнү айтылды.
"Башында анда вирустук инфекциянын клиникалык көрүнүштөрү байкалып, адистер менен консультация уюштурулган. Ал тапшырган эки ПЦР-анализ оору жок экендигин көрсөткөн. Операцияга чейин алынган рентгенограммада дагы дарттын белгилери байкалган эмес. Төрөгөндөн кийин тапшырган үчүнчү ПЦР-анализ гана вирус бар экендигин көрсөттү. Мындай жыйынтык ал каза болордон бир күн мурда чыкты", — деди Асылбашева.
Ымыркайлар борбордогу төртүнчү төрөт үйүндө. Гинекологдун айтымында, алар ара төрөлгөн.
Өлкөдө коронавирустан 7 киши каза болду
Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 296га жетип, 57 киши көз жумду.