01:48 13 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Коом
Кыскача шилтеме алуу
221 0 0

Мэр шаарды иретке келтирүү үчүн мыйзамсыз салынган курулуштарды алып салуу тапшырмасын бергени айтылат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов аталган аймактагы Салиева көчөсүн текшерип чыккандан кийин билдирди.

  • Таалайбек Сарыбашов провел осмотр микрорайона Манас-Ата города Ош
    Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот
    © Фото / Пресс-служба мэрии города Ош
  • Таалайбек Сарыбашов провел осмотр микрорайона Манас-Ата города Ош
    Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов аталган аймактагы Салиева көчөсүн текшерип чыккандан кийин билдирди
    © Фото / Пресс-служба мэрии города Ош
  • Таалайбек Сарыбашов провел осмотр микрорайона Манас-Ата города Ош
    Шаар башчысы аталган көчөдөгү мыйзамсыз салынган жана ички көчөлөргө чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын бергени айтылат
    © Фото / Пресс-служба мэрии города Ош
  • Таалайбек Сарыбашов провел осмотр микрорайона Манас-Ата города Ош
    Белгилей кетсек, ушул эле районго Иран өлкөсүнүн каржылык колдоосу менен заманбап спорт комплекси курулган
    © Фото / Пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / Пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот

Шаар башчысы аталган көчөдөгү мыйзамсыз салынган жана ички көчөлөргө чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын бергени айтылат.

"Манас-Ата" кичи районуна көңүл бурулат. Көчөлөрүн кеңейтип, адамдардын эс алуусу үчүн аллея куруп беребиз. Бул үчүн мыйзамсыз курулуштарды түрттүрөбүз. Ал эми жаңыдан курулуп жаткан спорт комплекс жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет", — деди мэр.

Белгилей кетсек, ушул эле районго Иран өлкөсүнүн каржылык колдоосу менен заманбап спорт комплекси курулган. Анын ичинде волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, теннис оюндары өтүүчү залдар болот. Көрүүчүлөр үчүн да 200дөй орундук коюлуп, спорттук мелдештердин өтүүсүнө шарт түзүлөт.

Оштун жака белиндеги Кең-Сай конушу өзгөчө шаарчага айланат. Эскиз

Тема боюнча

Ош шаарынын 3D картасы түзүлүп, бир нече электрондук кызматтар ишке кирет
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашев, мэр, оңдоо, аллея, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ