COVID-19: Министрлик жаңы эки алгоритм бекитти. Чоо-жайы

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтап менен сүйлөшкөндөн кийин мобилдик бригада оорулууну андан ары кайсы жерге алып барарын чечет. Ал эми ооруканага кандай болгон учурда жаткырыларын материалдан окуңуз.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы эки алгоритмди бекитти. Бул тууралуу аталган ведомствонун жетекчиси Сабиржан Абдикаримов айтып берди.

Биринчи алгоритм мобилдик бригадалардын бейтаптын үйүнө биринчи ирет барган учуруна тиешелүү.

"Мобилдик бригаданын медиги бейтаптан кантип ооруп жаткандыгын сурайт. Белгилер: дене таптын көтөрүлүшү, энтигүү, дем ала албай кыйналуу, алсыздык, дене бой курушуп ооруган абал, жөтөл, баш оору жана жытты сезбей калуу. Андан соң оорулуунун абалын жана инфекциянын жукканы канчалык ыктымал экендигин аныктайт. Эпидемиологиялык анализин алып, дене табын өлчөйт", — деди министр.

Ал бейтапты үйүнө калтырабы же ооруканага алып кетеби жогорудагылардын негизинде тыянак чыгарат.

Бир саатта жыйынтык чыгат. КРде коронавирус башка ыкма менен аныктала баштады

Төмөнкү белгилери байкалса, ооруканага жаткырыш керек:

  • Абалы өтө оор, жай отурган мезгилде да дем алуунун жетишсиздиги;
  • Абалынын орточо оор түрү, кыймыл-аракеттин негизинде пайда болгон дем алуунун жетишсиздиги;
  • Оорунун жеңил түрүндөгү энтигүүсү жок бейтаптар;

Ошол эле учурда ооруканага төмөнкүдөй факторлору бар бейтаптар жаткырылышы мүмкүн

  • 60 жаштан жогорку курактагылар;
  • кант диабети, өпкө, бөйрөк жана жүрөк оорулары барлар.

Эпидемиологиялык делген төмөнкү учурларда да ооруканага жаткырылат:

  • Изоляция үчүн шарты жоктор (өзүнчө бөлмө), 65 жаштан жогорку курактагы адамдар менен жашагандар, 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, иммунитети төмөн адамдар жана жүрөк, өпкө, бөйрөк оорусу барлар.

Кыргызстанда 1145 адам пневмония менен жабыркап, 54ү каза болду

Экинчи алгоритм

Стационар коронавирус жуккан деп шектелип түшкөн бейтапты жана ооруканадан сырткары пневмония болуп келген учурларды тартипке салат. Ооруканаларда сыркоологондорду бөлө турган борбор аркылуу кабыл алышат, тагыраагы, ПЦР-тесттин жыйынтыгын күтүп отурбай эле жаткырышат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0