07:44 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1000 0 0

Ювеналдык юстиция деген эмне экенин билесизби? Бул балдардын укугун коргоодогу маанилүү инструменттердин бири. Башкача айканда, жашы жете электе кылмышка шектелип, сот таразасына түшүп калган балдардын укугун коргоо.

Статистикага таянсак, Кыргызстанда жылына 200дөй бала соттолот. Мисалы, 2017-жылы — 215, 2018-жылы — 161, ал эми былтыр — 189 өспүрүм эркинен ажыратылган.

Өлкөдө эрезеге жете элек балдардын кылмыштары, аларга карата соттордун чечими жана баланын кылмышка барышына ата-эненин таасири тууралуу Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова менен маектештик.

Судья Ленинского районного суда в городе Бишкек Таалайгул Кадыркулова
© Фото / Пресс-служба Верховного суда КР
Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова

— Таалайгүл айым, соттолуп жаткан баланын укугун кантип коргойсуздар? Кыргызстанда бул үчүн атайын даярдыктагы юристтер барбы?

— 2012-жылга чейин Кыргызстанда сот чоң кишилер үчүн кандай болсо, балдар үчүн деле дал ошондой иш алып барчу. Ошол жылы "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" кодексине ювеналдык юстиция деген бөлүм киргизилген. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мында негизги максат — баланы соттоп жиберүү эмес, аны кылмыш кыла электеги абалына кайтарып келип, кайрадан коомго аралаштыруу. Кылмыш кылуу себептерин таап чыгып, баланын жашоосун оңдоо.

Биздин ЖОЖдор балдар менен иштеген судья, прокурор же адвокаттарды даярдашпайт. 2014-2018-жылдары мамлекеттик программа бар эле, бирок баары келип эле каражат маселесине такалат. Азыр мамлекет тарабынан балдардын кызыкчылыгын коргоо максатында мурдагы программанын аткарылбай калган талаптарын эске алуу менен жаңы программа иштелип чыгууда. Негизи кылмыш ишти адистешкен тергөөчүлөр алып барышы керек, бирок кадрлардын бат-баттан алмашкандыгына байланыштуу бул талап аткарылбай жатат. Ал эми жактоочулар мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды акысыз берет. Ошондой эле Юстиция министрлиги тарабынан даярдалган адистештирилген жактоочулар жазык иштерине катыша алат.

— Тергөө жана сот учурунда балдар менен юристтерден башка адистер дагы иштешет да?

— Өспүрүм кылмыш кылып же ага шектелген учурда бир топ кызматтар ишке тартылат. Анткени биз баланын кылмыш кылуу мотивациясын, психологиялык, руханий абалын, ден соолугун, мектептеги жүрүм-турумун, үй-бүлөдөгү кырдаалды билишибиз керек. Бул үчүн жергиликтүү социалдык мекемелер, психологдор, педагогдор, Пробациялык көзөмөл кызматы ишти анализдеп чыгат.

Судья Ленинского районного суда в городе Бишкек Таалайгул Кадыркулова
© Фото / Пресс-служба Верховного суда КР
Кадыркулова: психикасы бузулган, жан дүйнөсү бош, мээримге зар болгон балдар кылмышка көп барат

— Бир нече жыл мурда кылмыш жазасына тартылган улан-кыздар чоңдор менен чогуу бир жерде жатышат деген маселе козголду эле. Азыр абал кандай?

— Андай көйгөй болгон, азыр 18 жашка чейинкилер балдар колониясында жаза өтөшөт. Бул чоң кылмышкерлер жаш, өз көз карашы толук калыптана элек балдарга таасир этпесин деген максатта көрүлгөн аракет. Негизи эле азыр мыйзам менен чатагы бар балдарга башкача мамиле жасала баштады. Мисалы, сотко алып келгенде жабалактаган элден, башка соттолуучулардан чочубасын деп балдар бөлмөсүн ачканбыз. Шектүү сот процесси башталганга чейин ошол жакта отуруп турат. Андан тышкары, сүрдөп өзүн жоготуп койбосун деп мантияны чечип коюп, карапайым кишидей алдына отуруп аңгемелешкенге аракет кылабыз. Мындайда балада ишеним пайда болуп, толугу менен ачылып, иштин чоо-жайын, өзүнүн сезимдерин жашырбай айтып берет.

Судья Ленинского районного суда в городе Бишкек Таалайгул Кадыркулова
© Фото / Пресс-служба Верховного суда КР
Судья балдарды чочутпаш үчүн кээде мантиясын чечип коерун айтат

— Бизде балдар көбүнчө кандай кылмыштарга барат?

— Кээде ушунчалык арзыбаган нерсе үчүн жаш өмүрлөрдүн талкаланып жатканына жаның кейийт. Ишенесиңерби, эң көп кылмыштар бизде кадимки уюлдук телефонго байланыштуу. Күчтүүрөөгү алсызынын смартфонун тартып же уурдап алат. Балким көтөрүп турайын деп сурап алып, кийин бергиси келбей жүрө берет. Бала да баары бир, кесепетин ойлонбойт. Ал эми жабырлануучу тарап арыз жазып коет. Мунун баарында баланын күнөөсү жок чынында. Баарына биз, чоңдор, ата-эне жана мамлекет жооптуубуз.

Кылмышка кандай балдар барат? Психикасы бузулган, жан дүйнөсү бош, мээримге зар болгон балдар барат. Учурда ата-энеси бар туруп жетимдей бозоруп чоңойгондор көп. Мисалы, ата-энеси башка жакка иштегени кеткен же бир үйдө жашап туруп деле көр оокатка малынып, баласынын "үнүн укпагандар". Ата-энени сагынуу, кусалык, анын мээримине зар болуу — бул бала үчүн кадимкидей илдет. Мындайда психика бузулуп, жаман чөйрөгө аралашып кетүү оңой эле. Же болбосо бактылуу, каалаган нерсесинин баары бар теңтушуна көрө албастык пайда болот, ичи күйөт. Ошого наалат иш кылгысы келип, бир күнү сабап же бир нерсесин тартып алышы мүмкүн. Кылмыштар ушинтип эле жасалат. Андыктан мен ата-энелерге балалуу болуудан мурда аны татыктуу тарбиялай аламбы, билим берип, мээрим төгөмбү, ушуга убактым жетеби деген суроолорго жооп бергиле деп суранат элем. Катуу айтсам кечирим сурайм, бирок курсагын тойгузуп, кийимин алып берип коюу жетишсиз. Антип малды деле бакса болот. Ал эми баладан татыктуу инсан чоңоюш үчүн аны тарбиялап, жүрөгүнө сүйүү толтуруш керек.

— Ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдө дагы балдар кылмышка барган учурлар болсо керек?

— Сотко ажырашууга келгенде балалуу үй-бүлөлөргө силер ортодогу баланын тагдырына жоопкер экениңерди унутпагыла деп көп айтам. Албетте, турмушта ар кандай нерсе болот, бирок ажырашпаганга аракет кылгыла деп кеңеш берем. Анткени ата-эне ажырашуусу менен дароо баласынын турмушун абдан чоң жана орду толгус жоготууга учуратат. Канчалык аракет болбосун жалгыз бой ата же эне менен гана чоңойгон баланын жан дүйнөсүндө боштук, өксүк боло берет. Муну мага 10 жылдык иш тажрыйбам көрсөттү.

Судья Ленинского районного суда в городе Бишкек Таалайгул Кадыркулова
© Фото / Пресс-служба Верховного суда КР
Кадыркулова: өкүм чыгарарга аз калганда ушул чечим менен бирөөнүн жашоосун талкалап албасам экен деп санаа тартам

— Жаш бала кылмыш кылган учурда жабырлануучу тарап чоң кишиникиндей эле аеосуз жазаларды өтүнөбү же аяшабы?

— Ар кандай учурлар болот. 10 жылдан бери ушул тармакта келе жатып психолог болуп калат экенсиң. Келечекте жакшы адам чыкчу баланы көзүнөн эле көрөсүң. Кылмышы анча оор эмес учурда жабырлануучу тарапка баланы оңдоп, киши кылуу милдетибиз деп түшүндүрүүгө аракет кылам.

— Негизи эрезеге жете электерге эң чоң жаза канча жыл?

— 10 жылга чейин эркинен ажыратуу, бул чоңдордукуна караганда, албетте, азыраак. Мисалы, уурулук боюнча чоң киши эркинен ажыратыла турган болсо, ага 2,5-5 жыл берилет. Ал эми балага 1,6-2,6 жыл.

— Канча жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартылат?

— 14 жаштан баштап.

— Кесилип кеткен балдар жаза аткаруу жайларында эмне менен алек болушат?

— Окушат. Аларды кайрадан тарбиялап чыгуу аракеттери көрүлөт.

Судья Ленинского районного суда в городе Бишкек Таалайгул Кадыркулова
© Фото / Пресс-служба Верховного суда КР
Жашы жете электер үчүн атайын бөлмөдө

— Кимдир бирөөнүн үстүнөн өкүм чыгарарда судья эмес, адамдык сезимдер ойгонуп кеткен учурлар болобу?

— Тирүү адам болгондон кийин сезимсиз жашай албайбыз да. Бооруң ооруп, атүгүл кээде энелик сезим ойгонот. Көпчүлүк сот десе жүрөгү муздак, эмоциясыз адамды элестетет. Жеке өзүм тууралуу айтсам, өкүм чыгарарга аз калганда кадимкидей санаа тартып, ушул чечим менен бирөөнүн жашоосун талкалап албасам экен деп күнү-түнү ойлонгон учурлар болот. Бирок судья бардыгын мыйзам чегинде чечип берүүгө милдеттүү.

— Буга чейин ырайымдуулук, балага жаңы жашоого мүмкүнчүлүк берүү жолдорун издээриңерди айтып жаттыңыз. Шектүү кесилип кетпей, ата-энесине өткөрүп берилгенде абдан кубансаңыз керек?

— Ооба, бирок ишенесизби, айрым ата-энелер сот залынан баласын алып кетүүгө анча кубанбаган учурлар болот. "Бизди тажатты, үйгө түнөбөй калды. Андан көрө колонияга барып, тарбия көрүп келсе болмок" деп нааразы болушат. Сөзүмдүн аягында мен бардык ата-энелерден жаш муун келечегибиз экенин унутпай, тарбия иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун өтүнөм.

Тема боюнча

Романов: аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү
Мамытов: учурда түрмөдө күнөөсүз адамдар отурган фактылар бар
Белгилер:
маек, өспүрүм, судья, сот, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ