Каратаев: бардык министрликтердин кызматкерлеринен COVID табылып жатат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары коронавирус жуктуруп алган ЖК депутаттары Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатканын айтты.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Коронавирус бир гана Ак үйдөн эмес, бардык министрликтердин кызматкерлеринен табылып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Ал коронавирус жуктуруп алган Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатканын айтты. Бирок алардын аты-жөнүн атоо этикага туура келбей турганын кошумчалады.

"Коронавирус бир гана Ак үйдөн эмес, бардык министрликтердин кызматкерлеринен чыгып жатат. Мындан сырткары маалымат кызматтардын өкүлдөрүнөн да табылууда. Ошондуктан санитардык норманы сактап, мүмкүнчүлүк болсо, аралыктан иштөөнү сунуштайт элек", — деди министрдин орун басары.

Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

Өлкө ичинде болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0