Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык

© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуЖурналист, акын Зайырбек Ажыматов жана кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев жубайы менен. Архив
Журналист, акын Зайырбек Ажыматов жана кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Элмирбек ага каза болгондон кийин атам уктабай, басса-турса "Элмир, эмнеге мени таштап кеттиң" деп сүйлөнүп калган" дейт акын Зайырбек Ажыматовдун уулу. Акын Ажыматов 29-апрель күнү дүйнө салган.

Журналист, акын, кыргыздын таланттуу уулу Зайырбек Ажыматовду эскерип Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы анын тун уулу Назым Зайырбек уулу менен маектешти. Ал атасынын үй-бүлөдөгү орду, балдарына жасаган мамилеси, акыркы күндөрү жана элге чыга элек чыгармалары тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЗайырбек Ажыматовдун уулу атасынын үй-бүлөдөгү орду, балдарына жасаган мамилеси, акыркы күндөрү жана элге чыга элек чыгармалары тууралуу айтып берди
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Зайырбек Ажыматовдун уулу атасынын үй-бүлөдөгү орду, балдарына жасаган мамилеси, акыркы күндөрү жана элге чыга элек чыгармалары тууралуу айтып берди

— Назым, атаңыздын арты кайрылуу болсун!

— Атам куландан соо жүрүп эле өтүп кетти...

— Элмирбек Иманалиев каза болгондо катуу кайгырган турбайбы...

— Ооба, атам ошол суук кабардан кийин таптакыр өзгөрдү. Уктабай, басып эле калган. Элмирбек аганын каза болгонун биринчи мен уктум. Түн болуп калган, атам болсо жумуштан чарчап келип жатып алган эле. Жаман кабарды угарым менен апама айттым. Атама айтыштан айбыктык, корктук. Көпкө чейин айта албай акыры угуздук. Үн каткан жок, бир саамга чейин жер тиктеп отурду да артты карап жатып алды. Ал түнү кирпик каккан жок окшойт. Түнү менен досуна арнап ыр жазып чыгыптыр. Эртеси анысын соцтармакка жарыялаган. Мен эки күнгө жумушка кетип калдым. Атам Элмирбек аганын тажыясына барыптыр. Кайра жумуштан келсем телеканалдардын бирине маек бердим деп чарчап келди. Катуу ойлонуп койгон окшойт, түнү менен "Элмир, мени эмнеге таштап кеттиң" деп сүйлөнүп чыкканын апам айтты.

© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуНазым Зайырбек уулу: мага аскерге чакыруу келгенде атам кубанып "Мекенге кызмат кылып кел" деп жөнөттү. Бир жыл аскерде болдум. Бирок бир туугандарымды, апамды алып тез-тез барып, ал-абалымды сурап турчу
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Назым Зайырбек уулу: мага аскерге чакыруу келгенде атам кубанып "Мекенге кызмат кылып кел" деп жөнөттү. Бир жыл аскерде болдум. Бирок бир туугандарымды, апамды алып тез-тез барып, ал-абалымды сурап турчу

Андан кийин деле басса-турса үшкүрүнүп, "Элмир, кантип кетип калдың, кетпейм дебедиң беле, артыңан барып калам" деп күбүрөнүп, өзүнө келе албай жүрдү. Элмирбек аганын өлүмүнөн кийин атам башкача болуп калды. Өзүн такыр эле таштап салган.

Мен кайра эки күн жумушка кеттим. Бир күндөн кийин апам чалып "атаң ооруп жатат, үйгө тез кел" деп калды. Оюмда эч нерсе жок келсем короодо бир топ киши чогулуп жүрүптүр. Кирсем эле акын Мирлан Самыйкожо атамдын каза болуп калганын угузду. Ишенген жокмун. Андан кийин жаңылыкты интернеттен окудум.

Атам акыркы 2-3 айда өлөрүн сезген немедей башкача стилде ыр жазып калган. Ырларынын көбү эле өлүм тууралуу. Аны окуп алып "ата, кесир сүйлөбөй, мындай ыр жазбай эле коюңузчу" деп айттык эле.

— Ооруканадан үзүлгөн турбайбы?

— Апамдын айтуусу боюнча, үйдө жүргөндө кан басымы аябай түшүп кетиптир. Катуу кыйналганда тез жардам чакырып, ооруканага жеткиришкен экен. Ал түнү, эртеси күндүз өзүнө келип жакшы болуп калган дейт. Медайымдар өзү чай ичип, жакшы жүргөнүн апама чалып айтышкан экен. Бирок түштөн кийин эле атам каза болуп калгандыгы тууралуу суук кабар келиптир.

10 жыл мурда атамдын бөйрөк, боору катуу ооруган. Бирок андан кийин жакшы болуп айыккан.

© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуНазым Зайырбек уулу: Карлыгач атама абдан жакын болчу. Чыгармачылыкка азыртан кызыгат. Атамдын жолун улаган кыз болот деп үмүттөнөбүз
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Назым Зайырбек уулу: Карлыгач атама абдан жакын болчу. Чыгармачылыкка азыртан кызыгат. Атамдын жолун улаган кыз болот деп үмүттөнөбүз

— Зайырбек Ажыматов кызы Карлыгачты соцтармакка чыгарып, маал-маалы менен анын видеолорун жүктөп турчу эле. Кичинекей Карлыгач азыр кандай, сурап жатса керек...

— Башында оюнга алаксып билген жок. Төрт-беш күн өтүп калгандан кийин кадимкидей сагына баштады. Эртең менен турганда эле маанайы жок. Өзүнчө бир бөлмөгө кирип кетет. Артынан барып эмне болгонун сурайбыз. Орус класста окугандыктан "у меня сердце разбито, потому что папа улетел" деп кайра биздин жүрөктү оорутат. Карлыгач атама абдан жакын болчу. Чыгармачылыкка азыртан кызыгат. Атамдын жолун улаган кыз болот деп үмүттөнөбүз.

© Sputnik / Табылды КадырбековНазым Зайырбек уулу: Элмирбек аганын өлүмүнөн кийин атам башкача болуп калды. Өзүн такыр эле таштап салган
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Назым Зайырбек уулу: Элмирбек аганын өлүмүнөн кийин атам башкача болуп калды. Өзүн такыр эле таштап салган

— Зайырбек Ажыматов үйдө кандай ата эле? "Үйүм бүткөнчө сүйүүм бүттү" деген сөзү бар. Тиричилик деп жүрүп чыгармачылыгына аз көңүл буруп калганын да айтыптыр.

— Атам чындап эле жөнөкөй болчу. Байлык, мансап дегенге кызыккан жок. Үй-бүлөм, балдарым дегенде ичкен ашын жерге коюп, бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Жокту көргөн жокпуз. Өткөндө Олжобай Шакир үйүбүздү тартып видеосун соцтармакка жүктөп жатпады беле. Ошол чын. Атам үй бүтүрөм, балдарды окутам деп жүрүп чыгармачылыгын экинчи орунга коюп койгон. Биздин кичинекей болсо да ар бир жетишкендигибизди сөзсүз баса белгилечү. Жумушта жүрсө суранып бара калып, куттуктап, үйгө барганда үй-бүлөбүз менен майрам кылчубуз. Бизге катуу айткан жок. Аны капа кылсак да, өзү биринчи кечирим сурачу. Биз атамдын ошондой сапатын көрүп, өзүбүз эле тарбияланып калдык. Баса, атам автоунаага такыр кызыкчу эмес. Короодо бир унаасы токтоп турат. Анысын 10 жыл мурда алган.

© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуНазым Зайырбек уулу: атам үй бүтүрөм, балдарды окутам деп жүрүп чыгармачылыгын экинчи орунга коюп койгон. Биздин кичинекей болсо да ар бир жетишкендигибизди сөзсүз баса белгилечү.
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Назым Зайырбек уулу: атам үй бүтүрөм, балдарды окутам деп жүрүп чыгармачылыгын экинчи орунга коюп койгон. Биздин кичинекей болсо да ар бир жетишкендигибизди сөзсүз баса белгилечү.

— Патриот акын балдарын кантип тарбиялады?

— Ал киши чындап мекенди сүйгөн, өзгөчө патриот эле. Үйдө Ата мекен тууралуу ырлар көп окулчу. "Жолдогу таштандыны алып койсоңор ал дагы мекенге болгон сүйүүңөрдү билдирет" деп үйрөттү. Өзү аскерде кызмат өтөбөптүр. Мага аскерге чакыруу келгенде кубанып "Мекенге кызмат кылып кел" деп жөнөттү. Бир жыл аскерде болдум. Бирок бир туугандарымды, апамды алып тез-тез барып, ал-абалымды сурап турчу. Бизге өзүнүн оюн таңуулачу эмес, ар бир ойду баалап, ар бир ийгиликке кубанып, колдоп-кошточу.

— Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсү менен катышасыздарбы?

— Элмирбек байке үйгө көп келчү. Экөө студент кезден бери эле дос эмеспи. Үйгө келгенде бири-бирин тамашалашып, көпкө сүйлөшчү. Айрым учурда сеп этип алышып бакылдап сүйлөп, чер жазышчу. Бирок үй-бүлөлүк катыш жок эле. Мына жакында эле апам, биз болуп Элмирбек байкеге куран окутуп барып, Нурзат эже менен таанышып, экөө мындан ары катышып, чай ичишип жүрөлү деп чечишти.

© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуНазым Зайырбек уулу: Элмирбек байке үйгө көп келчү. Экөө студент кезден бери эле дос эмеспи. Үйгө келгенде бири-бирин тамашалашып, көпкө сүйлөшчү. Айрым учурда сеп этип алышып бакылдап сүйлөп, чер жазышчу
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Назым Зайырбек уулу: Элмирбек байке үйгө көп келчү. Экөө студент кезден бери эле дос эмеспи. Үйгө келгенде бири-бирин тамашалашып, көпкө сүйлөшчү. Айрым учурда сеп этип алышып бакылдап сүйлөп, чер жазышчу

— Үйдө эки уул, эки кызсыңар, ээ? Араңарда атаңардын жолун улап кетчүлөр барбы?

— Мен азыркы учурда аскер кызматкеримин. Иним болсо жогорку окуу жайлардын биринде кытай таануу факультетинде билим алат. Үчүнчүсү кыз, ал карындашым 10-класста окуйт. Анан Карлыгач. Иним экөөбүз чыгармачылыктан алыспыз. Анткен менен атамдын ырларын унутта калтырбай, чыгармачылыгын жарыялап, жарнамалап турабыз. Атамдын "Жүрөктөгү бороон" китебинен кийин дагы бир эмгеги жарык көрбөй калган. Анда элге чыга элек укмуш, башкача стилде жазылган ырлары, эсселери бар. Алсак, Карлыгачтын күндөрү эссе, ыр түрүндө жазылган. Аты да "Датасы жок күндөр" деп аталат. Бул китепти чыгаруу үчүн азыркы учурда демөөрчү менен сүйлөшүп жатабыз. Дагы калган архивдерин чогултуп туруп,  буюрса, коомчулукка тартуулайбыз.

Назым Зайырбек уулу атасы Зайырбек Ажыматовдун "Падыша эл" аттуу ырын айтып берди

Атамдын көзү тирүүсүндө "мен Зайырдын, акындын улуумун" деп жарнама кылчу эмесмин. Эми атамдын жолун улап ыр жазбасам да анын ишин улантып, чыгармаларын унутта калтырбай, элге айтып туруу максатында соцтармакка чыга баштадым. Атамдын, акындын уулу экениме абдан сыймыктанам.

© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуНазым Зайырбек уулу: атамдын "Жүрөктөгү бороон" китебинен кийин дагы бир эмгеги жарык көрбөй калган. Анда элге чыга элек укмуш, башкача стилде жазылган ырлары, эсселери бар. Алсак, Карлыгачтын күндөрү эссе, ыр түрүндө жазылган. Аты да "Датасы жок күндөр" деп аталат
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык - Sputnik Кыргызстан
Назым Зайырбек уулу: атамдын "Жүрөктөгү бороон" китебинен кийин дагы бир эмгеги жарык көрбөй калган. Анда элге чыга элек укмуш, башкача стилде жазылган ырлары, эсселери бар. Алсак, Карлыгачтын күндөрү эссе, ыр түрүндө жазылган. Аты да "Датасы жок күндөр" деп аталат

Күндө отуруп алып анын асыл сапаттарын, чогуу өткөргөн күндөрдү эстейбиз. Атам ырды түндө жазчу. Күндүз жумуштан чарчап келсе да, түнү менен ыр жазып чыкчу. Эртеси таң атпай "кемпир, угуп көрчү" деп алгач апама окуп берчү. Биз анысын угуп ойгонуп, анан турчубуз. Чай ичип жатканда бизге кайра бир сыйра окуп берип сындан өткөрчү. Үй-бүлөбүз менен дискуссия кылганды жакшы көрчүбүз. Иним экөөнүн жашоого көз карашы эки башка болгондуктан, талаш-тартыш көпкө созулуп кетчү. Ал бизге ачык болчу. Ар дайым оюбуздагы нерсени ачык айтып, ачык сүйлөшүп алчу элек... Атам "досум" деп жатып өтүп кеткенине азыр деле ишенбей кетебиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0