Үй-бүлөсү КР жараны болгон чет элдиктер Кыргызстанга келе алат. Жаңы эреже

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРабота аэропорта Внуково
Работа аэропорта Внуково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эрежелерге ылайык, бүгүндөн тарта Кыргызстанга чет элдик айрым жарандардын келишине уруксат берилди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Республикалык штаб 16-июндан тарта чет өлкөгө кимдер чыгып жана кимдер Кыргызстанга келе ала турганын кабарлады.

Кыргызстанга келе ала тургандар:

  • Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган жана дайындалган кызматкерлери;
  • Эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү;
  • КРдин Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрү;
  • Чектеш мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан) аймагындагы темир жолдо күндөлүк ишти камсыздаган "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери;
  • Чет өлкөлүк адистер – КРдин эмгек визалары бар чет өлкөнүн жарандары жана жарандыгы жок адамдар (W1 жана W2);
  • Эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулар, аба кемелеринин экипаждары жана учуучу курам, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадалары;
  • Чет элдик адистер – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары, КРдин мамлекеттик органдарынын расмий кайрылуусунун негизинде;
  • Кыргызстандын жарандары үй-бүлө мүчөсү болуп саналган чет элдик жарандар. Күйөөсү, жубайы, ата-энеси, балдары, чоң ата, чоң энелери кыргызстандык экендигин документ менен ырастаганда кире алат.

Төмөнкү адамдар өлкөдөн чыга алат:

  • Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө чектөөлөр жок;
  • Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын чыгып кетишине тоскоолдук жок;
  • 1-июлга чейин визасыз чыгуу режими колдонулат.

Кыргызстанга кирип-чыгуу боюнча бардык суроолорго кеңештер 0312-881618 ыкчам номери аркылуу берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0