Ар бир кесиптин ары жагымдуу да, түйшүктүү да жагы бар. Тилсиз жоо менен арбашкан жигиттердин, агалардын жашоо абалы, иштөө шарты, дегеле бул тармактын оош-кыйышы тууралуу маалымат алууга белсендик.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Урматбек Сариевди кепке тартты.
— Кыргызстандагы өрт өчүрүү кызматынын түптөлүшү тууралуу айта кетсеңиз?
— Республикада өрт өчүрүү кызматынын тарыхы 1926-жылдын 20-майына барып такалат. Ушул күнү Фрунзе шаардык кеңеши тарабынан атайын токтом менен өрткө каршы түзүм уюштуруу чечимин кабыл алышкандыгы маалым. КР өкмөтүнүн 28-октябрдагы №795 токтому менен бул күн "Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын күнү" деп бекитилген. Алгач бул кызмат ИИМдин алдында түзүлүп, 2004-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилген. Борбордо азыркы учурда өрт өчүрүү кызматында 8 күжүрмөн бөлүк, бир куткаруучу жана атайын бөлүк иш алып барууда.
— Пандемия маалында сиздердин кызмат да ишке тартылды да?
— Пандемия убагында өрт кырсыктары азайды. Бирок өзгөчө абалда иштөөнүн оош-кыйышын биздин кызматкерлер да тартты. Постто туруу, адамдарды текшерүү, маалыматты тактоо, чет мамлекеттен келген жарандарды тосуп алуу, жер-жерлерге жеткирүү жагында күнү-түнү иштедик. Кээде өздүк курамдын жетишпей калган учурлары да болду. Биздин компетенцияга кирбесе дагы кызматкерлерге тамак-аш ташуу жагын да уюштуруп берип жаттык.
— Сиздерде техникалык муктаждык да чоң көйгөй болсо керек?
— Бүгүнкү күндө, албетте, техникалык жактан муктаждык бар. Акыркы кезде Бишкек кеңейип, көп кабаттуу үйлөрдүн арасы тыгыз тартып баратат. Имараттар барган сайын бийиктөөдө. Жогорку кабаттагы үйлөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө атайын техника болсо жакшы болот эле. Бул үчүн автошатылар жана имараттардын арасына сыйган өрт өчүрүүчү машиналар, көп муундуу жылуучу автоунаалар керек. Куткаруу иштеринде атайын жабдыктарга муктажпыз. Шаар боюнча автошатыдан экөө гана бар. Булар менен 9-кабатка чейин гана көтөрүлүүгө болот. Мындан тышкары, өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзгөнгө 50 метрлик муундуу унаабыз турат. Техниканын деле эскилиги жетти. Өз убагында жаңыртылып турса жакшы болот эле. Азырынча бузулганын өз убагында оңдоп пайдалануудабыз.
— Акыркы жолу кызматтык унаалар качан жаңыртылды эле?
— 2008-жылы Россиядан өрт өчүрүүчү ЗиЛдер келип, республикадагы бардык өрткө каршы кызматтар бирден унаа менен камсыздалган. Андан кийин башка жактардан бирин-экин жаңы унаалар келгендей болду. Бирок толук жаңыртыла элек. Кээ бир жерлерге чакырык болгондо мобилдик чакан машиналар кириши керек болуп калат. Жер төлөдө иштөөдө, жарык берүүчү, байланыш түзүүчү жана газ түтүгүндө иштеген атайын багыттагы техника жетишсиз. Бишкек шаарында кошумча ДЭПОлорду курууга муктаждык бар. Барган сайын өрттүн саны өсүп жана андан чыккан чыгымдын суммасы да көбөйүүдө. Учурда Россиядан келген ошол унаалардын да эскилиги жетип бүттү. Бирок мамлекеттин абалын биз да түшүнүп турабыз.
— Учурда өрт өчүрүүчүлөрдүн айлыгы канча?
— Азыркы убакта өрт өчүрүү тармагында иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 12 миң сомду түзөт. Ээлеген кызматына жана эмгек стажысына жараша маяна берилет. Жаңы келгендерге алгач 10 миң сом айлык коюлуп, ал жыл өткөн сайын акырындан жогорулап баштайт.
— Айлык аз экен. Мында иштегендер деле бир үй-бүлөнү баккандар да. Билишимче бир күн иштеп эки-үч күн бош болушат. Көбү кошумча жумуштарда иштесе керек?
— Сиз да кошумча жумушта иштейсизби?
Негизи өрткө каршы кызматында 2004-жылдан бери иштеп келе жатам. Мен деле өрт өчүрүүчү болуп каларымды эч ойлогон эмесмин. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинде өрт коопсуздугу менен иштөө багытында кафедра түзүлгөн. 1999-жылы ошол кафедрага тапшырып, беш жылдан соң иштеп келе жатам. 2011-жылдары кесибим боюнча Москва шаарынан эки жылдык магистратураны аяктап келдим.
— Жумушуңузда катуу таасир эткен окуялар көп эле болсо керек?
— 15 жылдан бери ар кандай кырсыктарга, өрт өчүрүүгө чыгып жүрөм. Бишкектеги ири соода түйүндөрүнө жакын жерде болгон жол кырсыгынын кесепетинен кийинки көрүнүш ушул кезге чейин эсимден чыкпайт. Анда үч машина кагышып, бирөөсү өрттөнүп кетиптир, бир нече адам набыт болгон. Дагы эле элестете берем. Мындан тышкары ири өрттөр болду. Ошол эле Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндөгү май куюучу жай өрттөнгөндө эки суткага жакын өчүргөнбүз. Жумушка байланыштуу кырсыктан улам көз жумган, күйүп калган адамдарды көрөбүз. Кийин да ошол көрүнүш көз алдыңа тартыла берет.
— Башында кырсыктан көз жумган маркумдун сөөгүн көргөндө адам чочуп, башкача сезимде болсо керек?
— Мен инспектор болуп иштеп жүргөндө көп кабаттуу үйдөн бир батир күйүп кетти. Инспектордун милдети — кырсыкты каттап, чоо-жайын жазып документ толтурат. Жанагы кырсыктаган батирге барып орус улутундагы адамдын өрттөнүп кеткен сөөгүн көрдүм. Ошондо бүткөн боюм дүрт этип, бир башкача абалда болгом. Андан кийин мындай окуялар көп эле болду. Көнө түшөт экенсиң. Бирок кырсыктан кийинки үрөй учурган көрүнүштөр адамдын психологиясына да таасир берерин байкадым.
— Балдарыңыздын сиздин кесибиңизди аркалоосун каалайт белеңиз?
— Төрт балам бар. Алар азыр кичине, бирок чогуу отуруп калганда келечектеги кыялдары тууралуу айтып беришет. Мен эч кимисине чек койбойм. Байкашымча кичүү балам аскер адамы болууга кызыгат. Анткени аскердик формаларымды жакшы көрүп, мени туурай берет. Бирок балдарымдын ичинен бирөө дарыгер болушун каалайт элем.