"Ош" базары да дезинфекцияга жабыла турганы айтылды

Жазылуу
Вице-мэрдин айтымында, базар жабылардын алдында соодагерлерге алдын ала эскертүү берилет. Буга чейин "Ош" базарында коронавирустун очоктору аныкталганы айтылган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Ош" базары да дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, азырынча базар качан канча күнгө жабыла тургандыгы тактала элек.

"Ош" базарында дүйшөмбү күн ансыз деле санитардык күн экен. Бул базар чоң болгондуктан, анын баарын дезинфекция кылууга бир күн жетпейт. Биз дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин деп пландап жатабыз. Анткени базардан вирус чыккан", — деди вице-мэр.

Ал базар жабылардан мурда соодагерлерге алдын ала эскертүү берилерин кошумчалады.

Дезинфекция жүргүзүп жаткан сантирандык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Аламүдүн" базары дезинфекция үчүн жабылмай болду. Качан ачылат
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору "Ош" базарын дезинфекциялоо боюнча тиешелүү кагаздарды жазып бергенин айтты. Чечимди Республикалык штаб кабыл алган. Санэпидемстанция "Ош" базарын дагы "Аламүдүн" базары сыяктуу 12-июндан 14-июнга чейин дезинфекция кылууну сунуштаган. Бирок аталган соода жайы так кайсы убакытта дезинфекцияга жабыларын жетекчилик чечерин кошумчалады.

Буга чейин "Ош" базарында коронавирустун очоктору аныкталганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0