Бүгүн өлкөдө 23 киши коронавируска кабылганы белгилүү болду

© REUTERS / POOLКоронавируска тапшырылган кан үлгүсү. Архив
Коронавируска тапшырылган кан үлгүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СOVID-19га байланыштуу өлкөдөгү кырдаал тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары менен ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова айтып жатышат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан боюнча 23 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек — 6;
  • Чүй облусу — 2;
  • Ош шаары — 4;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Нарын облусу — 1.

Вирус аныкталган жаңы учурдун үчөө медицина кызматкерлери. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2055ке жетти. Анын 548и стационарда дарыланып жатат, экөө реанимацияда. 1483 бейтап сакайып, үйүнө чыкты. 

Бүгүн, тилекке каршы, Ошто дарыланып жаткан 47 жаштагы аялдын каза болгону айтылды. Көз жумгандардын жалпы саны 24 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0