Кыргызстанда бүгүн 26 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери. Архив
Лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус инфекциясы катталгандан бери өлкө аймагында 17 кишинин өмүрүн алды. Айыккандар менен катар эле вирус жуктуруп алгандардын аягы сууй элек.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 26 адамдан коронавирус аныкталганын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында 16, Нарын облусунда жети, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Баткенде бир кишиден вирус чыккан. 

Ушуну менен республика боюнча коронавирус аныкталган 1871 учур катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0