БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 26 адамдан коронавирус аныкталганын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында 16, Нарын облусунда жети, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Баткенде бир кишиден вирус чыккан.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус аныкталган 1871 учур катталды.