Ситуация в Оше из-за карантина в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан

Коронавируска такаат берип... Кыргызстандагы абал боюнча онлайн-репортаж

Жазылуу
Бүгүндөн тарта борбор калаада коомдук транспорт ишке кирди. Аны менен катар дагы башка тармактар жанданууда. Ошентсе да бийлик өтө сак болууну эскертип жатат.

Социалдык аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, көп чогулбоо сыяктуу эрежелер бүгүнкү күнү да күчүндө. Канчадан бери жасалып жаткан аракеттер текке кетпесин десек, талаптарды аткарып, этият болуу зарыл.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө өкүм сүргөн кырдаалга саресеп салып, салтка айланган тексттик баяндамасын жүргүзөт.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:01 21.05.2020
19:22 21.05.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өкмөткө чет өлкөлөрдөн алып келинип, шартка көнбөй чуу салып жаткан жарандарга катуу эле мамиле кылууну сунуштады.

"Өткөндөгүдөй ызы-чуу болуп койсо эле бошотуп ийбешибиз керек аларды. Шарт бардыгына бирдей, карантиндик чектөөлөрдү карманышы керек. Жалпы өлкө эки ай үйдөн чыкпай жатса, эми буларды минтип чыгарып койгонубуз болбойт. Мына Талас облусунун жетекчилиги барган 20 кишини обсервацияга алып койду", — деди Маматалиев.


Мындан тышкары ал айрым обсервация жайларынын шартын чындап эле жакшыртуу керектигин кошумчалады.

 

 

 

16:28 21.05.2020
14:37 21.05.2020
14:35 21.05.2020

Республикалык ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүндө вирусту жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөтүүсүнө тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

 

Госпиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы коронавирус: министрлик төрөт үйлөрүндө көзөмөлдү күчөтөт
14:33 21.05.2020

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны беш миллиондон ашты, тагыраагы, 5 000 561 адам болду. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтына жарыяланды.

 Маалыматка ылайык, вирус дүйнөдө 188 мамлекетти каптаган.

Анын ичинен вирус көп катталган мамлекеттердин

Сап башында АКШ (1,5 миллиондон ашык адам) турат.

Экинчи катарда Россия (308 миңден ашык),

үчүнчү орунда Бразилия (291 579),

төртүнчүдө Улуу Британия (249 619),

бешинчи орунда Испания (232 555) турат.

COVID-19 аныкталган бейтаптардын ичинен 328 миң киши каза болуп, 1 миллион 900 миң бейтап айыгып чыкканы айтылды.

 

 

12:24 21.05.2020
11:19 21.05.2020

Кыргызстандын Россиядагы коронавируска каршы күрөшүү штабынан мекендештерди алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болууга чакырды.

 

Санитарно-эпидемиологический контроль в аэропорту Калининграда - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы элчилик кыргызстандыктар үчүн маанилүү маалымат таратты
11:16 21.05.2020

Бириккен Араб Эмирлигиндеги QuantLase Imaging Lab лабораториясы коронавирусту лазер менен өтө тез аныктай турган технология ойлоп тапты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

 

Изучение коронавируса в лаборатории - Sputnik Кыргызстан
Арабдар коронавирусту көз ирмемде аныктай турган технология иштеп чыкты
11:13 21.05.2020

Түштүк Африкада коронавирус жуктурган ымыркай чарчап калган алгачкы учур катталганын РИА Новости өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин порталына шилтеме берип жазды.

Бул бизде наристе каза болгон биринчи учур экен.

"Ал эки күн мурун жарыкка келген. Ара төрөлүп, ошондо эле дем алуусу оор болгондуктан жасалма аппаратка туташтырганбыз. Анын энеси COVID-19 инфекциясын жуктурган экен, баласын текшере келгенде андан да чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

 

 

11:08 21.05.2020
10:14 21.05.2020

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1313 учуру катталды.

  • Стационарда – 370, алардын ичинен реанимацияда – 5;
  • Ооруканадан чыгарылды – 929;
  • Каза тапты – 14.
10:12 21.05.2020

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медик стационарлардан айыгып чыккан.

10:11 21.05.2020

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Бишкекте 22 кишиден чыгып, аларга Санкт-Петербург шаарынан келген бир адам кошулду. Ош шаарында бешөө, Чүйдө бир адам, Ош облусунда төртөө, Нарында сегиз, Баткенде эки кишиден табылган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1313 болду.

09:50 21.05.2020

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө оорулуу бөбөктөрдөн, аларды карап жаткан ата-энелеринен жана медиктерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине оорукана жетекчиси Эрнис Тилеков маалымдады.

Анын айтымында, 20-май күнү кечинде ПЦР-тесттин жыйынтыгы онкология бөлүмүндөгү 14 кишиде коронавирус бар экенин көрсөткөн.

"Анын ичинен сегизи рак илдетинен дарыланып жаткан бөбөк, үчөө аларды караган ата-энелери, бирөө дарыгер, экөө медайым. Бүгүнкү күндө коронавирус менен кошо дарылай турган бөлүм түздүк. Ал жердеги дарыгерлердин баары казармалык режимде иштешет. Бөлүм карантинге жабылды. Анализдери терс чыккан оорулулар үчүн өзүнчө обсервация даярдадык", — деди Тилеков.

Оорукана жетекчиси коронавирус онкологиянын балдар бөлүмүнө кандайча жукканы боюнча эпидемиологиялык иликтөө бир сыйра жүргөнүн да айтты.

"Бир оорулуу баланы чоң энеси карап жаткан экен. Ал 4-майда ооруканадан чыгып кеткен. Ошондон жукту деген божомол бар", — деди Тилеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0