Арабдар коронавирусту көз ирмемде аныктай турган технология иштеп чыкты

© REUTERS / Marko DjuricaИлимпоздор лабораторияда коронавирусту текшерүү үчүн алынган үлгүлөр менен иштеп жатышат. Архив
Илимпоздор лабораторияда коронавирусту текшерүү үчүн алынган үлгүлөр менен иштеп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ойлоп табылган каражат коронавирус менен күрөшүүдө адам баласына бир топ артыкчылыктарды бермекчи.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигиндеги QuantLase Imaging Lab лабораториясы коронавирусту лазер менен өтө тез аныктай турган технология ойлоп тапты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Лазер вирусту канга жаңы эле жуккан учурдан тарта аныктай алат. Кызыгы, жабдуу бир гана киши эмес, массалык түрдө текшере алары, жыйынтыгы бир нече секунддун ичинде даяр болору айтылууда. Бирок лазер кантип иштээри жазылган эмес.

"Бул аппарат жакынкы айларда сатыкка чыгат. Жакшы жери анын баасы анча кымбат болбойт. Дагы бир артыкчылыгы — аны медициналык мекемелерге гана эмес, кишилер массалык чогула турган көптөгөн жайларда да колдонсо болот", — деди лаборатория кызматкери Прамод Кумар.

Адистин айтымында, жаңы ойлоп табылган каражат коронавирус менен күрөшүүдө адам баласына бир топ артыкчылыктарды бермекчи.

Коронавирус тууралуу

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 20-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 918 938ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0