Күзгө чейин Кыргызстандын ар бир облусуна ПЦР-лабораториялар курулат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛаборатория "Инвитро" начала тестирование на коронавирусную инфекцию
Лаборатория Инвитро начала тестирование на коронавирусную инфекцию  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн антикризистик планында Саламаттык сактоо министрлигин каржылоо үчүн кошумча резервдер каралган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Күзгө чейин Кыргызстанда ПЦР- анализди аныктай турган сегиз лаборатория курулат. Ал ар бир облуска бөлүштүрүлөт. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов парламентте билдирди.

Жыйын учурунда депутат Айнура Аскарова "эгер күздө коронавирустун экинчи толкуну болуп калса, кыргыз медицинасы туруштук бере алабы?" деп сурап, даярдыктарга кызыкты.

Министрдин айтымында, жеке коргонуу каражаттары, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары сатып алынып, обсервация жайлары даярдалууда. Бул жаатта учурда тендерлер өтүп жатат.

"Алынган гранттардын эсебинен биз биринчи этап менен сегиз жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоодон өткөрөбүз. Экинчи этабында дагы ошончо бөлүм оңдолот. Аны менен катар эле ар бир облуска ПЦР-лабораториялар курулат. Жалпысынан сегиз лаборатория куруу планыбыз бар", — деди Абдикаримов.

Ошондой вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөттүн антикризистик планында Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери үчүн кошумча резервдер каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0