Ош шаарында бүгүндөн тарта 7 тармак иштей баштады. Тизме

© Фото / Pixabay/ jackmac34Работа парикмахера
Работа парикмахера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарыбашов жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө кагаз алууга жардам беришерин кошумчалады.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов маалымат жыйын учурунда 1-майдан тарта калаада иштей баштаган мекеме-жайлардын тизмесин атады.

Анын айтымында, бүгүндөн тарта жети тармак ишмердүүлүгүн жандантат. Алар:

  • Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү;
  • Курулуш тармагы;
  • Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматын көрсөткөндөр;
  • Мамлекеттик жана жеке нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Соода чөйрөсү;
  • Чачтарачкана жана салондор;
  • Уруксаты, патенти бар таксисттер.

Производство жидких моющих средств компании Нэфис Косметикс - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт 1-майдан тарта ишке кире турган тармактардын тизмесин жарыялады
Сарыбашов жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө кагаз алууга жардам беришерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 111 адам коронавирус жуктуруп алса, анын 72си айыккан. Ооруканада азыркы тапта 37 бейтап жатат. Вирустан эки киши көз жумган.

Мэрдин айтымында, шаарда эпидемиологиялык абал туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0