Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоо бригаданын кызматкерлери иш учурунда. Архив
Дезинфекциялоо бригаданын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин коронавирустун жеткен чеги ушул жумага туура келерин айткан.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 19 кишиден коронавирус табылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында сегиз, Чүй облусунда төрт, Ош шаарында төрт, Ош облусунда үч учур катталган. Арасында беш медицина кызматкери дагы бар. Бирөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, үчөө Бишкекте иштеп жаткан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуктурган 162 медик катталды", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен жалпы саны 631ге жетти. Ал эми 302 кишинин айыгып чыкканы айтылды. Тилекке каршы, сегиз адам каза болуп калды.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин коронавирустун жеткен чеги ушул жумага туура келерин айткан.

Кыргызстанда учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0