Работы по дезинфекции улиц в Оше - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус чабуулу: өлкөдөгү бүгүнкү абалдан баян

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жакынкы күндөрү жогорку чегине жетерин адистер айтып жатат. Тагыраагы, аны жуктуруп алгандардын саны мурдагыдан көбүрөөк болот.

Ал арада мамлекеттеги жооптуу кызматтар вирус менен күрөшүү иштерин улантып, элден карантин эрежесин сактоону өтүнүүдө. Себеби ооруну жуктуруп албоонун натыйжалуу жалгыз жолу ушул экендигин дүйнөлүк практика көрсөтүп турат.

Кечээги маалымат боюнча, жалпы ооругандардын саны 612ге жетти. Тилекке каршы, ооруну жок кылам деп аны өзүнө жабыштырып алган ак халатчандардын саны 160ка чукулдады. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ооруканадан 254 адам айыгып чыкты.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:55 23.04.2020

Ош облусунда коронавирус жуктурган 154 адамдын 108и сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Бул статистика ооруканага жаткырылган бейтаптардын 70 пайызы айыкканын көрсөтүүдө. Учурда облустун 42 тургуну ооруканада дарыланууда, тилекке каршы, төртөө каза болуп калды.

“108 адамдын айыгып чыгышы жакшы тенденция деп ойлойбуз. Жарандарыбызды дагы бир чыдамкайлыкка чакырабыз, киргизилген режимди сактап үйлөрүндө отуруп берсе, ооруну жакын арада жеңебиз деген ишенич бар. Медиктерибиз күнү-түнү иштеп жатат”, — деди Жылкыбаев.

12:38 23.04.2020

Азыркы тапта стационарда 321 киши жатат, анын бешөө реанимацияда. Ооруканадан 302 адам чыгарылса, сегиз бейтап көз жумду.

10:50 23.04.2020
10:47 23.04.2020
10:28 23.04.2020

 Алардын ичинен: 16сы дарыгер, 18и орто медперсонал, 8и кенже медперсонал жана үчөө башка адистиктеги адамдар.

10:24 23.04.2020
10:17 23.04.2020
10:15 23.04.2020
10:15 23.04.2020
10:14 23.04.2020
10:13 23.04.2020
10:13 23.04.2020
10:12 23.04.2020
10:10 23.04.2020

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү маалыматында  коронавирус жуккандардын жалпы саны 631 адамга жеткенин айтты. 

10:10 23.04.2020
10:05 23.04.2020
10:04 23.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0