Медициналык кызматкер айдоочунун температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча тексттик баяндама. Сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус боюнча кыйын абал түзүлдү. Республикада ооругандардын саны 289 болуп, алардын ичинен беш киши көз жумду.  

Кооптуулук жакындап келип, оору табылгандан кийин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары менен Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилди.

Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, жарандарга карантинде болуу талабы коюлду. Учурда COVID-19  Кыргызстандын Талас облусунан башка бардык дубандарына жайылды.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:37 11.04.2020

Бишкектин бир катар жаңы конуштарында коммерциялык банктардын көчмө кассалары иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, банктардын көчмө кассалары ишин 10-апрелден тарта баштаган.

"Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Эне-Сай, Красностроительная конуштарында көчмө кассалар иштеп жатат. Аларды "Керемет банк", РСК, "Кыргызстан АКБ", "Оптима банк", "Финка", "Доскредобанк", "Бакай банк" банктарынын кызматкерлери эртең мененки саат 10:00дөн 15:00гө чейин тейлешет", — деди Орозалиев.

11:20 11.04.2020

«Өткөн сутка ичинде Бишкекте коменданттык сааттын талаптарын 57 жаран бузду. Алардын ичинен 49 эркек жана 8 аял», — деди борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев.

10:36 11.04.2020

Лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6251:
Жакын байланыштар (1-категория) - 1070
Башка байланыштар (2-категория) - 5181
Байланышкан жактардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.

10:31 11.04.2020

Ушу тапта стационарда 290 киши жатат. Тогуз киши реанимацияда, бешөөнүн абалы оор.

10:21 11.04.2020

Бир сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу - 1, Жалал-Абад ш. - 3, Бишкек ш.- 1).
Бардыгы болуп 44 бейтап айыгып чыкты.

10:21 11.04.2020

Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 15
Баткен облусунда – 4
Ош ш. – 36
Бишкек ш. – 42
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 4

10:20 11.04.2020

Кыргызстанда дагы 41 кишиден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди. 

Ушуну менен вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 339 болду.

"Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 18, Ош шаарында 6, Нарын облусунда 2 учур катталды. 22си аял, 19у эркек киши. Жаңы учурлардын арасында 12 медицина кызматкери бар. Бир сутканын ичинде беш киши айыгып, сакайгандардын жалпы саны 44 кишини түздү", — деди министрдин орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0