03:56 28 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1429)
1418 0 0

Коменданттын айтымында, айрым бийлик өкүлдөрү шаар ичинде адам ташып, бирөөнүн буюртмасын аткарып жаткан учурлар кездешүүдө.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Калаада маанилүү жумуштарды жасоо үчүн өткөрмө кагазын алган айрым мамлекеттик кызматкерлер аны жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууда. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйынында билдирди.

Комендант өткөрмө кагазын алгандан кийин башка максатта колдонулуп кеткен бир нече фактыларды айтып өттү.

“Ош шаары жана Ош облусундагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылып кетейин. “Биздин жумушубуз зарыл, элди тейлейбиз” деп өткөрмө кагазын алган мамлекеттик кызматкерлер көпчүлүк учурда аша чаап атасыздар. Адам ташып, бирөөнүн буюртмасын аткарып, өткөрмө кагазын өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарга колдонуп жаткан учурларды кездештирип жатабыз. Ушуну тыйсаңыздар! Өткөрмө кагазы менен ары-бери көп чапкылабаңыздар, бул билинип калды”, — деди Нурдинов.

Мындан сырткары, ал Ош шаарынан азык-түлүк ташыйбыз деп уруксат кагазын алгандар Өзгөн, Ноокен райондорунан кармалып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, COVID-19 жуктургандардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк регионунда катталууда. Ош шаарында 36 жана облусунда 98 киши коронавируска чалдыккан.

Ал эми Кыргызстан боюнча өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарлардын маалыматын ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1429)

Тема боюнча

Ош коменданты: өзүнө "тазамын" деп анализ чыгаргандарды колун кайрып алып келдик
Эркектерге гинекологго жолдомо бербегиле. Оштун коменданты дарыгерлерге кайрылды
Ошто ажы тойго барып кесиптештерине COVID-19 жуктурду деген медик үн катты
Белгилер:
мамлекеттик кызматкер, кагаз, өткөрмө, эскертүү, комендант, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ