COVID-19. Инкубациялык мөөнөттүн аякташы эмне үчүн кооптуу. Түшүндүрмө

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 27 күнгө чейин созуларын болжогон. Вирус инкубациялык мезгил учурунда башкаларга тез жугат.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев өлкөдө коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон алгачкы адамдардын инкубациялык мөөнөтү бүтүп жатканын айтып, элди сак болууга чакырды. Ошону менен катар эле адамдардын көчөдө жүрүүсүнө чектөөлөр дагы да күчөтүлөрүн белгиледи. Ал эми Республикалык штаб бул учурда вирусту жуктуруп алуу кооптуулугу жогору экенин эскертти.

Sputnik Кыргызстан бул мезгил эмнеси менен кооптуу экенин окурмандарга түшүндүрүүгө аракет кылды.

Өлкөдө алгачкы учур Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып 12-март күнү келген жарандардан аныкталганы 18-мартта расмий жарыяланган. Мындан улам алар менен бир учакта отурган жана жакындан байланышкан 2000ден ашуун адам текшерилген.

"Алгачкы учур аныкталган адамдар менен жакындан байланышта болгондор алгоритм боюнча үч күн обсервацияда болгондон кийин 14 күндүк үй карантинине жиберилген. Бул учурда оору аныкталбаса вирус жуктурган эмес деп эсептелет. Ошолордун мөөнөтү аяктап, көчөгө чыга башташат. Бирок инкубациялык мөөнөт 28 күнгө чейин созулат деген божомол бар. Демек, 14 күндөн кийин да оорунун белгилери чыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жада калса коронавирустан айыгып чыккандар дагы сегиз күн үй карантининде болушун сунуштап жатат", — деп билдирди Республикалык штаб.

Буга чейин окумуштуулар коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 27 күнгө чейин созуларын болжогон. Вирус инкубациялык мезгил учурунда башкаларга тез жугат.

АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн. доллар бөлөт
Ал эми Кытайдын Саламаттык сактоо комитетинин интернетке тарап кеткен изилдөөсүнө караганда, инкубациялык учур 24 күнгө чейин болушу дагы мүмкүн. Мисалы, Кытайдагы Сычуань провинциясында жашаган аялды тогуз ирет тесттен өткөргөндөн кийин гана коронавирусту араң аныкташкан.

Биология илимдеринин доктору Сергей Нетёсовдун айтымында, коронавирус гриппке салыштырмалуу бат жугат. Болгондо дагы адам анын белгилери өзүндө пайда боло электе жана сакайгандан кийин бир нече убакыт бою башкаларга жайылта берет.

Белгилей кетсек, башында чет жактан келген жарандардан COVID-19 чыгып жаткан. Соңку учурда өлкө ичинде өз ара жуктургандар көбүрөөк катталууда. Алгачкы учур расмий жарыялангандан бери 16 күн өттү. Ошондон кийин Кыргызстанда адамдардын кыймылын чектөө максатында бир топ иш-чаралар жасалууда.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүзү дагы ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Коронавирустун кесепети

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
120 кишинин абалы орточо оор... КРде коронавирус жуктургандардын саламаттыгы
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0